Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги билдирүү таратты


БИШКЕК. "Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин ишмердүүлүгү тууралуу айткан пикири чындыкка дал келбейт" деген мазмундагы билдирүүнү бүгүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги таратты. Элчилик ошондой эле өзүнүн ыйгарым укук деңгээлине ылайык Өзбекстандагы кыргыздардын укуктарын коргоп жаткандыгын белгилеп, кырдаал менен жеринде таанышуу үчүн акыйкатчы Турсунбай Бакир уулун Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды.

Турсунбай Бакир уулу 6-апрелде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын Өзбекстан, Казакстан, Орусиядагы элчиликтери жана өкүлчүлүктөрү ал өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын укуктарын жеткиликтүү деңгээлде коргобой жатат деген пикирин билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG