Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:40

ЕККУ төрагасынын Бишкектеги сапары айрым саясатчыларды канааттандырган жок


БИШКЕК. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Саломон Пассинин Кыргызстандагы иш сапары өлкөдөгү абалга эч кандай таасир бербейт. Мындай пикирин бүгүн «Азаттык» радиосуна «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын пикири боюнча, Саломон Пасси Кыргызстандын ырасмий бийлик өкүлдөрү менен гана жолугушуп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалы, кыйноолор жана ЕККУнун долбоорлорунун ишке ашпай жатканы тууралуу так маалымат алган жок. «Ушундан улам ал эларалык коомчулукка Кыргызстандагы кырдаал жөнүндө туура эмес маалымат бериши толук ыктымал», - деп белгиледи Төлөкан Исмаилова. Ушундай эле пикирин «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев да билдирди. Анын пикири боюнча, акыркы кезде Европадагы эларалык уюмдар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстандагы кырдаалга көз карашын өзгөртүп, бардык маселелерге жакшы деген гана баа берип жатышат.

XS
SM
MD
LG