Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Аксы окуясынан жабыркангандар президентке кат жолдошту


БИШКЕК. Аксы окуясында каза болгондордун туугандары менен жабырлангандардын 5 өкүлү президент Аскар Акаевге кат жолдошту. Анда президент Аксы окуясында жабырлангандардын көзөмөл арызын карап жаткан Жогорку Сстко келип көрсөтмө берип, өзүнүн Аксы окуясында эч кандай күнөөсү жок экендигин далилдеп берүүсүн өтүнүштү. Андан тышкары сотко өзү менен кошо Темирбек Акматалиев, Аманбек Карыпкулов, Болот Жанузаков, Калмурат Садиев, Чубак Абышкаевди алып келүүнү, Аксы окуясында күнөөлүү деп айыпталып, бирок жазасын толук албаган Шермамат Осмонов, Кубанычбек Токобаев, Алик Ракишев, Абдымитал Калбаев, Данияр Кулуевдерди биротоло актатып кетүүнү сунушташты.

Президенттин администрациянын каттарды каттоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин маалыматы боюнча, Аксы окуясында жабырлангандардын мындай мазмундагы каты Өкмөт үйүнө келе элек.

XS
SM
MD
LG