Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Парламент өкмөт башчынын ишин карады


БИШКЕК. Бүгүн Эл өкүлдөр жыйынынын 19-сессиясы өз ишин улантты. Депутаттар адегенде өлкөдөгү админстративдик–маданий борборду куруу боюнча өкмөт токтомунун аткарылышы жөнүндөгү маселени карашты. Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, буга чейин маданий борборду курууга 161 гектар жер бөлүнүп, курулуш ишин аткаруунун алгачкы этабында эле бир катар мыйзам бузууларга жол берилген. Талкуунун жүрүшүндө депутаттар аткаруу бийлигинин бул багытта жасаган ишине наарызылыгын билдиришип, өкмөт башчы Николай Танаевдин ишмердүүлүгүн канаатандырарлык эмес деп табуу тууралуу маселени көпчүлүк добуш менен палатанын күн тартибине киргизишти.

Андан соң депутаттар өкмөт башчынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табууга бюллетень салуу менен жашыруун добуш берүү чечимине келишти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында премьердин ишин канааттандырарлык эмес деп табууга добуш жеткен жок. Добуш берүүгө келгенде көпчүлүк депутаттар өкмөт башчынын ишмердүүлүгүн канааттандырарлык эмес деп табуу тууралуу токтом долбоорун колдошкон жок.

XS
SM
MD
LG