Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ОКУЯЛАР ЭМНЕНИН КЕСЕПЕТИ?..


Сапар Орозбаков, Прага Жакында Өзбекстанда болгон террордук чабуулдар 1999-жана 1997-жылкы окуяларды эске салды. Анда өзбек бийлиги ал террордук чабуулдардын жооопкерчилигин ислам экстремисттерине жүктөгөн болчу. Бу жолу да президент Каримов жардырууларды уюштургандар ислам экстремистери деп айтып жатат.

Жакында Өзбекстанда болгон террордук чабуулдар дээрлик 47 адамдын өмүрүн алып кетти. Анын ичинде отуз үчү бийлик “террорчу” деп жардык таккан адамдар экени айтылат. Калгандары болсо милиция кызматкерлери жана бейкүнөө карапайым адамдар.

- Террордук чабуулдардан жана алардын башка аракеттеринен бейкүнөө 14 адам каза тапты. Анын үчөөсү бала. 35 атуул ар кандай жараат алды, - дейт Өзбекстандын баш прокурору Рашид Кадиров.

Бул террордук чабуулдарды биз жасадык деп азырынча эч ким мойнуна ала элек. Өзбекстандын бийлиги гана ал ислам экстремистеринин колунан келди деп исламчыларды айыптоодо.

1999-жылдын февралында болгон террордук жардыруулардан да 16 киши набыт болуп, 100 ашык адам жараат алган. Өзбекстандын тартип сактоо органдары президенттин өмүрүнө кол салуу үчүн аракет жасады деп, анда күнөөнү ваххабисттерге жүктөшкөн. Өзбекстандын ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Юлдашев ал террордук чабуулдарды өз мойнуна алган. Бийлик 1997-жылдын ноябрындагы жана декабрындагы кагылышууларды да исламчылыр жасады деп эсептейт.

1998-жылдан баштап ваххабисттер деп шектелгендер өлкөдө куугунтукка алына баштаган. Көчөдөн сакалчан адам болсо эле ваххабист деп суракка алына баштаган. Алардын айрымдары өлкөдөн качып чыгышып, “ал-каидачылар” менен байланыш түзүшкөн жана 1999-жылы Өзбекстан ислам кыймылын уюштурушкан. Бул кыймылдын негизги бөлүктөрү АКШ баштаган күчтөрдүн Ооганстанды талибдерден бошотуу өнөктүгү маалында ойрон болгон деген сөз бар.

Өзбек бийлиги Ташкендеги жана Бухарадагы акыркы чабуулду уюштурду деп “хизб ут-тахрирчилерди” атады. Алар болсо муну таптакыр четке кагып жатышат.

1999-жылкы жардырууларды Самаркан кланынын атасы делген Исмаил Жоробековдун ысмы менен да байланыштырышкан болчу. 1998-жылы бул таасирдүү адам кызматтан алынган. Айрым аналитиктер ал бул үчүн Каримовдон өч алуу үчүн уюштурган болуш керек деп болжошот. Бирок кийин Жоробеков Каримовдун кеңешчиси болуп кайра бийликке келген. 2000-жылдын башында ал кызматтан кайрадан алынган. Бул жолку жардыруулар да ушу кишинин колунан келди го дегендер бар. Кландардын кагылышуусу экстремисттерден кийинки эле себеп катары айтылат.

1999-жылкы жардырууларда президент Каримов Демократиялык партиянын жетекчиси Мохаммад Салихти да күнөөлөгөн. Өзбекстандын тартип сактоо органдары Салихке экстермисттик топтор менен жашыруун сүйлөшүп, бийликти кулатууга аракет кылган деген айып таккан. Мындан кийин Салих чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болгон. Бирок ал сыртынан 15 жылга соттолгон. Бу жолу Салих мырза өз партиясынын аталган окуяларга тийешеси жок экендигин билдиргенге шашты:

- Биз мындай билдирүү жасайлы деп чечтик. Анткени 1999-жылы ушундай окуялар болгондо илең-салаңдык кылып, Өзбекстандын өкмөтү аны бизге каршы пайдаланган болчу. Террорго тиешеси жок биздин адамдарды камакка алган. Силер билгендей менин бир туугандарым жана башка күнөөсүз адамдар камакка алынган. Алар ушу кезге чейин түрмөдө отурушат – дейт Мухаммад Салих.

Укук коргоочулар эми ырасмий Ташкен террор аракеттерин шылтоо кылып, жалпы эле кайчы пикирин билдиргендерди жазалоосун улантат го деп санааркашууда.
XS
SM
MD
LG