Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:52

Алжирде президенттик шайлоо өтүп жатат


Шайлоого бийликтеги президент Абделазиз Бутефликадан башка дагы беш киши катышууда. Түндүк африкалык өлкөдө мындан 40 жылдан ашык мезгил мурда көз карандысыздык алгандан бери, ушуну менен үчүнчү жолу көп партиялуу шайлоо өтүп жатат. Бирок быйыл биринчи жолу куралдуу күчтөр шайлоого киришпөөгө убада беришти.

Талапкерлердин арасында экс-премьер Али Бенфлис, исламчы Абдалла Жабалла жана мамлекеттин динден бөлөк болушун жактаган Саид Сади бар. Шайлоого 120 чакты чет элдик өкүлдөр байкоо жүргүзүп жатат. Бутефликанын атаандаштары президент добуш берүүнү бурмалап, бийликте калууга аракет кылаарын күн мурунтан айтышкан.

1992-жылы парламенттик шайлоодо мусулман фундаменталисттер жеңип чыга турган болгондо, армия шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, ошондон исламчылар менен согуш башталган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG