Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Эми Ооганстан окуяларына кайрылалы. Жаңы түзүлүп, анча тороло элек Ооган улуттук армиясы үстүбүздөгү айда экинчи ирет ички кагылышууларга бөгөт болууда. Өлкөнүн түндүк-батышындагы Фарйаб вилайетинде өкмөт дайындаган кол башчы Хашим Хабибинин кошууну менен теги өзбек генерал Абдурашит Достумга таандык жоочулардын салгылашуусу жүрүүдө. Уруш аймак борбору Майманада да жүрүүдө. Бүгүн Улуттук армиянын батальону бул эки топту арачалоо үчүн аткарылды.

Соңку маалыматтарга караганда, Фарйаб вилайетинин борбору Маймана шаары Достумдун кошуундарынын колуна өттү, ал эми аким Инайатулла Инайат шаардан чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Талиптик режим ойрон болгон менен, өлкөдөгү ырксыздык дагы эле расмий Кабулдун айласын кетирүүдө. Үч күндөн бери Ооганстандын Фарйаб аймагында эки кол башчынын кошуундары бири-бирине каршы айыгышкан салгылашуу жүргүздү. Алардын бири – генерал Хашим Хабибиге Карзайдын өкмөтү бул аймактын коопсуздугун камсыз кылууну тапшырган. Ал эми экинчи кол башчы, улуту өзбек Абдурашит Достумга келсек, ал деле Кабул үчүн өгөй эмес. Анын расмий кызматы – мамлекет башчы Хамид Карзайдын кеңешчиси.

Фарйаб вилайетиндеги саясий таасир үчүн чырдашкан эки топту арачалоо үчүн бүгүн Улуттук армиянын 750дөй жоокерден турган батальону бул аймакка шашылыш аттандырылды. Бул тууралуу Ооган коргоо министринин басма сөз өкүлү, генерал Абдул Захир Азими «Азаттыкка» мындай деп айтты:

- Коргоо министрлиги бул салгылашуу эмнеден башталганын тергөө үчүн атайын топту жиберүүнү чечти. Тирешүүнү ким баштады жана эмне үчүн бул окуяга жол коюлду, ушул маселелер териштирилүүгө тийиш. Андан тышкары, Ооган улуттук армиясынын бир баталйону да Фарйабга жиберилүүдө. Бул аскерлер борбордук өкмөттүк бийликтин бар экенин тастыктап жана коопсуздукту камсыз кылуу милдетин аркалайт.

Фарйабдын акимдигине Инайатулла Инайат мырза дайындалган болчу. Эгерде генерал Достумдун тарапкерлери Инайатка каршы мыйзамсыз иш-аракеттерге барганы тастыкталса, анда аларга карата олуттуу чара көрүлөт, - деп билдирди Карзайдын басма сөз өкүлү Жавид Лудин.

Генерал Достумдун Кабулдагы өкүлү Акбар-бай болсо бүгүн «Азаттыкка» берген маегинде Фарйабдагы калк көтөрүлүшкө чыкканын, алар борбордук өкмөттүн «мышык-чычкан оюнуна» нааразы болуп жатканын айтты. Акбар- байдын билдиришинче, Абдурашит Достумдун «Жунбеш-и милли-йи-ислами-йи Афганистан» - «Ооганстандын улутук ислам кыймылы» деп аталган саясий тобу бул кагылышууларга кийлигишкен эмес:

- Улуттук кыймылдын бул окуяларга эч тийешеси жок. Ал эми Фарйабдын 2 миллиондуу калкы вилайеттин тагдырын өз колуна алып, өз акимин, өз колбашчысын өздөрү шайлап алмакчы. Буга «Жунбеш-и-миллий» эч кийлигишпейт.

Бул сөздөрдү айтуу менен, Акбар-бай быйыл сентябрга белгиленген парламенттик жана президенттик шайлоонун ирегесинде борбордук өкмөт айрым таасирдүү саясатчыларды атайылап жаманатты кылып жатат деген сынын айтты.

Ал эми аким Инайаттын пикиринче, генерал Достум өлкөнүн коргоо министри же куралдуу күчтөрдүн штабынын башчысы болуп дайындалгысы келген, бирок бул өтүнүчү орундалбай калган соң, өз талапкерлерин бийликке каршы тирешүүгө түртүүдө.

Өткөн айда Гератта да ушундай ич ара кагылышуу болуп, улуттук армиянын 1500дөй аскери аймакты тынчытууга жиберилген. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин айтымында, Гераттагы кагылышууларга шылтоо болгон окуя – кубаттуу кол башчы, Гераттын акими Исмаил хандын уулу, жүргүнчү аба кызматы министри Мирвайид Садыктын өлүмүнүн жагдайлары териштирилди. Ал Исмаил хан тарабы айткандай атайын жиберилген киши өлтүргүчтүн колунан өлбөстөн, ич ара кагылышуу маалында курман болгону тастыкталды, деди тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү.
XS
SM
MD
LG