Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Бүгүн (8-апрелде) кечке жуук Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өкмөт башчы Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берип, бирок андай чечим кабыл ала алган жок. Сессияга катышып отурган 41 депутаттын 14ү премьер-министрге ишеним көрсөтсө, 27 депутат ага каршы добуш берди. Ишеним көрсөтпөө мыйзамдык күчкө ээ болушу үчүн 30дан ашык депутаттын добушу керек эле. Премьер-министрге ишеним көрсөтпөө маселесинин парламенттин күн тартибине киргизилишинин себептери эмнеде?

Кыргыз өкмөтү Бишкектин Тынчтык көчөсүндөгү АКШ элчилиги менен Пинара мейманканасынын ортосундагы чакан аймакка өлкөнүн «Маданий-административдик-ишкер борборунун» имаратын куруу тууралуу чечим кабыл алып, ага 162 гектар жер бөлүп берген. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары ушул маселени шаршемби күнү карай баштап, анын жүрүшүндө жердин оңду-солду мыйзамсыз берилген учурларын аныктаган.

Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев буларды билдирди:

- Ошол маселени карап жатканда, 13.5 гектар жердин менчик фирмага берилгени айкын болду. Курулуш боюнча мамлекеттик мекеменин жетекчиси биздин алдыбызга чыгып сүйлөгөндө, мына ошол жерди сатып, андан түшкөн каражатка имараттарды куруу жагы каралганын билдирген. Бул жерде Кыргызстандын атуулдарынын укугу бузулууда. Анткени миңдеген адамдар кезекке туруп, жер ала албай жаткан учурда, Бишкек шаар катары өсө турган жерлер берилип, кимдир-бирөөлөр пайда көрүүдө. Ошого биз каршылык көрсөттүк.

Анын айтымында, бул маселе каралып жатканда премьер Танаев парламентке чакырылганына карабай келбей койгон. Андан сырткары Танаевдин 700 миллион сом карызы бар ишканадан 104 миң доллар насыя алуусу да ага ишеним көрсөтпөө маселесин күн тартибине киргизүүгө негиз берди. «Биз, ошондуктан, аны сессиянын күн тартибине киргиздик», - деп белгиледи Исхак Масалиев.

Премьер-министрге ишеним көрсөтпөө тууралуу маселе каралып жаткан учурда президент Аскар Акаевден, администрация башчысы Тойчубек Касымовдон жана коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдон башка бардык жетекчилер парламент залында болду.

Добуш берүүнүн алдында премьер-министр депутаттарга чыр жараткан маселе боюнча маалымат берди. Бирок анын сөзү маалымат каражаттарына уктурулган жок. Айрым маалыматтарга караганда, премьер-министр депутаттарга айткан сөзүндө «жер тымызын сатылды» деген маалыматтарды төгүнгө чыгарган.

Бирок, ага карабай, депутаттар премьер-министрге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүүгө өтүп, депутат Валерий Диль башында турган эсеп комиссиясын түзүштү. Жашыруун жана бюллетен таштап добуш берүүнүн жыйынтыгында, премьер-министрге 14 депутат ишеним көрсөтөөрүн билдирсе, 27 депутат ишеним көрсөтпөсүн билдирди.

Добуш берүүнүн натыйжасы тууралуу Валерий Диль буларды билдирди:

- Ишеним көрсөтпөө үчүн добуштардын үчтөн экиси, же 30 добуш керек эле. Бирок премьер-министрге 30 депутат каршы добуш берген жок. Ошондуктан ага ишеним көрсөтүлдү.

Мындай добуш берүүнүн алдында Эл өкүлдөр жыйыны «Маданий-административдик-ишкер борборду» куруудагы иштери үчүн Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу токтом кабыл алган. Андай токтом кабыл алууга 32 депутат добуш берген. «Ошондуктан Танаевге ишеним көрсөтпөө ишке ашты» деген пикирин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рустанбеков билдирди. Анын оюнча, азыркы өкмөттүн мындай добуш берүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин иштөөгө моралдык акысы жок:

- (Өкмөттүн) иштешке моралдык акысы жок. Биздин токтомдо 32 депутат ага ишеним көрсөтпөстүгүн билдирбедиби.

Анын айтымында, бул токтом президент Аскар Акаевге жиберилет жана президент ага карата өз чечимин чыгарышы керек.

Ошентип, Николай Танаевге ишеним көрсөтпөө маселеси тийиштүү добуш ала албаган менен, ага ишеним көрсөтпөө тууралуу пункттар жазылган токтом кабыл алынган. Ошондуктан премьер-министрдин азыркы абалы белгисиз. Кандай болгон күндө да, өкмөттү кызматтан кетирүү-кетирбөөдө акыркы чекитти президент гана койо алат. «Бул - конституцияда жазылган норма», - деп белгилөөдө жергиликтүү талдоочулар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG