Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Кубат Оторбаев, Прага Ирактагы курчуган кырдаал коалицияга кирген мамлекеттердин алдына жаңы сыноолорду койду. 11-марттагы Мадриддеги жардыруулардан кийин Испания өз аскерлерин Ирактан чыгарып кетүү ниетин билдирген болчу. Жакында мындай ойду Норвегия бийлиги да кыйытты. Ал эми Кошмо Штаттары жагдайды жөнгө салуу максатында Иракка кошумча аскер киргизүүнү айтууда. Ирактагы соңку абал коалициянын ынтымагын ыдыраттыбы?

Кошмо Штаттары коалицияга кирген мамлекеттердин аскер күчтөрүнө Ирактын тынч аймактары делген өлкөнүн түштүгүн жана чыгышын көзөмөлдөөнү тапшырган. Бирок соңку күндөрдө Иракта абал курчуп кетти. Радикал шийиттердин лидери Муктада ас-Садрдын жактоочулары менен коалициянын аскерлеринин салгылашуусу Иракты атуулдук согуштун чегине жеткирди. Негизинен шийилер жашаган аймактардан Кошмо Штаттары мындай каршылыкты күткөн эмес болчу. Анткени шийилер Саддам Хусейндин режимин кулатуу боюнча эларалык күчтөрдүн аракеттерин биринчилерден болуп жигердүү колдошкон.

Шийилердин лидери ас-Систанинин мунасага келүү тууралуу чакырыгына карабай Иракта жагдай жакшырбай жатат. Багдад, Кербала, Кут баштаган бир катар шаарларда кандуу кармаштар уланууда.

Муктада ас-Садрдын өкүлү Ахмед ал-Багдади шийилердин каршылыгы мындан ары да күчөйт деп билдирди. Ал шийилердин азыркы козголоңун 1991-жылдагы шийилердин Саддам Хусейндин режимине каршы чыккан эң ири көтөрүлүшү менен салыштырды:

- Ирактын баардык тургундары – аялдар, балдар, эркектер ал-Мехди армиясынын катарында. Биз Америкадан коркпойбуз! Биз тарыхтагы эң коркунучтуу диктатор Саддам Хусейн менен күрөшкөнбүз. Америка биздин көз алдыбызда өтө кичирейип баратат, - деди козголоңчу шийилердин өкүлү Ахмед ал-Багдади.

Барган сайын коалициянын аскерлеринин арасында “мындан ары абалды көзөмөлдөө кыйынга турат” деген да үндөр чыга баштады. Жекшембиден берки кармаштардан коалициянын курамындагы сальвадордук бир аскер, украиналык дагы бир жоокер набыт болду.

Муктада ас-Садрдын аскерлери бейшембиде Кут шаарынан коалиция күчтөрүн сүрүп чыгарып, калаага өз бийлигин орнотту.

8-апрелде АКШнын Ирактагы башкы командачысы, генерал-лейтенант Рикардо Санчес Кут шаарын кайра алабыз деп сөз берди:

- Ал-Кут шаары, биз ал-Кут шаарын алуу үчүн даярдык көрүп жатабыз. Биз ал-Кут шаарын сөзсүз алабыз!

Ирактын башка бир шаары Нажаф дагы бир аптага созулган кармаштардан кийин Мехди армиясынын кол астына өттү. Бул шаардагы 550 аскерине Жапония жагдай тынчымайынча тынч тура тургула деген көрсөтмө берди.

Кербала шаарында коалициянын курамындагы Болгариянын 450 аскерине кайра-кайра кол салуу болгон эле. Ырасмий София Кошмо Штаттары, Британия, Испания жана Польшанын Болгариядагы элчиликтеринен кошумча күч жагынан жардам берүүнү сурап, болгар жоокерлерин сактап калууну өтүндү. Азырынча ага жооп боло элек.

Казакстандын коргоо министри Мухтар Алтынбаев Ирактагы казак аскерлеринин кызмат кылуу мөөнөтү май айында бүтөт, андан кийин аларды өлкөдөн дароо чыгарып кетебиз деп билдирди:

- Биз өз аскерлерибизге толкундоолор токтогонго чейин ошол жайгашкан жерден чыкпай тургула деп буйрудук. Биздин экинчи топтун кызмат өтөө мөөнөтү бүтүп баратат. Ал мөөнөт аяктагандан кийин биз Иракка мындан ары аскер жөнөтпөөнү чечтик.

Казак күчтөрү учурда Кут шаарынын жака-белинде турушат.

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Филип Митчел коалицияга кирген мамлекеттердин аскерлери жакшы куралданышкан, бирок алар өзүн-өзү коргоо максатында гана курал алып жүрүшөт дейт. "Алар Иракка согушуш үчүн барышкан эмес" деп кошумчалады Филип Митчел. Ал мисалга Жапондордун күчтөрүн келтирди. Жапония өз күчтөрүн Иракка "эч убакта жергиликтүү эл менен кагылышууга барбайсыңар" деген шарт менен жөнөткөн болчу:

- Миссия үчүн толтура себептер бар. Алар аскерин жөнөтөөргө макулдук берээр алдында ирактыктарга каршы эч бир согуштук аракеттерге аралашпайсыңар деген болчу.

Айтор Кошмо Штаттарына дем-күч берип, алар менен кошо курал кармап, согушууну каалагандардын катары коалицияда суюлуп баратат. Көп мамлекеттерде Ирактагы согуштун эмне кереги бар эле деген кызылчеке талаштар күчөдү.

Римде оппозиция премьер-министр Силвио Берлускониден Италиянын 2500дөй аскерлерин Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылды. Берлускони андай пикирлердин четке кагып, “баштаган ишти таштоого болбойт, биз чыгып кетсек Иракта башаламандык башталат” деди. Грузия шаршембиде Иракка аскерлердин экинчи жолку тобун жөнөттү. Бул ирет 159 грузин Тикрит шаарында кызмат кылат.
XS
SM
MD
LG