Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:24

АЛЖИРДЕ ПРЕЗИДЕНТТИКТИ АЛТЫ ТАЛАПКЕР ТАЛАШУУДА


Алжирде бүгүн президенттик шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгы эртең белгилүү болот. Мамлекет башчылыгына алты киши талапкерлигин коюшкан. Алардын арасынан байкоочулар башкы атаандаштар деп бийликтеги президент Абделазиз Бутефлика менен мурдагы премьер-министр Али Бенфлисти атап жатышат.

Алжир көп партиялуу системага өткөндөн бери ушуну менен үчүнчү ирет мамлекет башчысын шайлап жатат. Президент болууга талапкерленгендер арасында байистүү иламчылардын, бейдинаятчыл күчтөрдүн, демократтар менен улутчулдардын, атүгүл троцкисттик партиянын өкүлдөрү бар. Алардын көбүн байкоочулар көчтүн карасында калчу кандидаттар дешет. Негизги атаандаштар деп бийликтеги президент Абделазиз Бутефлика менен экс-премьер Али Бенфлис аталууда.

Бенфлис былтыр кызматтан алынган, бирок аскери чөйрөдө аны кадырлагандар бар. Армия болсо Алжирде саясаттагы башкы күч эсептелинет. Ошо себептен бейтарап байкоочулар бу жолку шайлоонун жеңүүчүсү экинчи айлампада барып аныкталышы да ыктымал дегендей кыяз кылышат. Мындан беш жыл мурдагы шайлоодо азыркы президент Абделазиз Бутефлика мамлекет башчысынын мандатын теңтайлашы жок утуп алган. Добуш берүүгө бир калганда атаандаштардын баары шайлоонун жыйынтыктары айныксыз бурмалана тургандыгына айныбай көзү жетип, талапкерлигин алып, оюндан чыгып кетишкен. Бутефликанын азыркы атаандаштары да, тактап айтканда, үч талапкер кечээ атайын билдирүү жасап, добуштардын санагы бурмаланышы мүмкүн деп эскертишти. Оппоненттер бийликтеги президентти демократиялык эрежелер менен дегеле эсептешпеген автократ деп аташат. Бутефлика мамлекеттик телеканалды шайлоо өнөктүгүндө өз менчигиндей пайдаланганы, үгүт-үйүт иштерине өкмөттүк казынанын каражаттарын карыштаганы үчүн айыпталды.

Деген менен көпчүлүк алжирликтер бийликтеги президенттин экинчи мөөнөткө кызматта калышына кызыкдар. Бутефликаны алар өлкөнү көп жылдык эл аралык камоолдон алып чыкты, анын кемиген аброюн мурдагы кемелине келтирди дешет. Эң башкысы – азыркы президенттин тушунда Алжирде куралдуу зобун-зордуктардын, кызыл жайма кыргындардын аз болсо да мизи кайтты. Бутефлика исламчыл козголоңчуларга мунапыс жарыялап, анын натыйжасында көптөгөн можахеддер куралдарын таштап, бейпил турмушка кайтышты.

1992-жылы Алжирде парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыктарын өлкөнүн ошо кездеги бийликтери тааныбай койгон соң исламчылардын козголоңу тутанган. Андан соңку он жылдан ашуун мезгилде жүз миңге чукул адамдын өмүрү кыйылды.
XS
SM
MD
LG