Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

МУСУЛМАН АЯЛДАРДЫН ХИЖАБЫНА КЭЭ БИР БАТЫШ МАМЛЕКЕТТЕРИ КАРШЫ


Нарын АЙЫП, Прага Февралда Францияда кабыл алынган жаңы мыйзам боюнча, сентябрдан тартып Франциянын өкмөттүк мектептеринде окуган кыздарга хижаб тагынууга тыюу салынат. 1-апрелде Алманиянын бир провинциясында дагы ага окшош мыйзам кабыл алынды. Бул аракеттер мусулмандар арасында каршылык жаратууда.

1-апрелде Алманиянын Баден-Вюртемберг провинциясында мектептердеги сабак учурунда жоолук тагынууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды. Бирок ага бир топ депутаттар каршы чыгышты. Алардын пикиринде, мугалим айымдарга хижаб тагынууга уруксат берүү - ошол эле мектептердин дубалдарында христиан белгилеринин илинип турганына барабар, ошондуктан мыйзам жокко чыгарылууга тийиш. Иш толук чечиле элек жана аны Алманиянын Жогорку соту дагы карашы мүмкүн.

Маселе - ата-энеси Ооганстандан келген Ферешта Лудин аттуу айым мектепте мугалим болуп иштөөгө арыз берип, бирок башындагы жоолукту чечип салууга каршы чыкканда кызматка алынбай калганынан келип чыккан.

Алманиянын Эрланген университетинин эксперти Маттиас Роенин айтымында, окуучуларга эмес, мугалимдерге гана жоолук тагынууга тыюу салынып жатканы өзгөчө мааниге ээ:

- Жоолук салынган окуучуларды дагы кээ бир адамдар чочулоо менен караганы менен, окуучулар жана студенттер Алмания өкмөтүнүн же башка бир жетекчилик уюмдун өкүлдөрү эмес, өкмөткө алардын тийешеси жок. Ошондуктан коом андай хиджабтан канчалык чочуласа дагы, аны тагынгандардын эркин жана алардын ата-энесинин диний салтын биз андай чочулоолордон жогору койобуз.

Анткен менен, Алманиянын кээ бир башка провинциялары дагы бул маселе боюнча атайын мыйзам кабыл алууга азыр даярданууда.

Франциянын парламенти болсо 10-февралда мугалимдерге гана эмес, өкмөттүк мектептерде сабакка келген окуучуларга дагы жоолук тагынууга тыюу салды жана мыйзам үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрынан тартып аткарыла баштайт. Март айында өлкө премьер-министри Жан-Пьер Рафаррен экстремисттик диний уюмдан кат алды жана анда - эми Францияга каршы бир топ террордук чабуул жасала турганы айтылган. Каттын алдына - 2002-жылы Маскөөдөгү Дубровка театрын барымтага алып, кийин өлтүрүлгөн Мовсар Бараевдин ысмы жазылган.

Франция жетекчилеринин айтымында, дин мамлекеттен бөлүнгөн өлкөдө диний белгилер коомдук жайларда үстөмдүк кылбаш керек. Бирок кээ бир эксперттердин пикиринде, Франция андай секуляризмди өзүнчө эле динге айлантып жиберген. Париждеги Коомдук изилдөөлөр борборунун профессору Фархад Хосрохавардын айтымында, динге карата мындай мамиле коомго терс таасир тийгизиши мүмкүн:

- Кабыл алынган мыйзам өкмөт каржылаган билим берүү системасын жетектегендерге - Франция коомунда бир өңчөй маданият түзүлүп бүттү дегендей көрүнүштү жаратышы мүмкүн. Чындап эле андай бирдиктүү маданият түзүлсө, кандайдыр бир бирдиктүү улут да түзүлгөн сыяктуу болот. Бирок чындыгында, менин оюмча, бул мыйзам бир топ орчундуу өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн жана ага каршылык көрсөтүү максаты менен кыз-келиндер ого бетер өзгөчөлөнгөн кийим тандап кийиши ыктымал.

АКШнын Оклахома штатында дагы мектептердеги сабак учурунда хижаб тагынууга тыюу салынган, бирок маселеге Укук министрлиги кийлигишип, мусулман кыздарга сабак учурунда башына жоолук салынууга уруксат берди. Министрликтин айтымында, окуучулар дин менен билим ортосунда тандоо жасоого мажбурланбаш керек.

Улуу Британиянын жетекчилиги болсо маселени анчалык деле орчундуу деп эсептебейт жана мусулман кыз-келиндердин кандай кийинүү маселесин - алардын өздөрүнө жана ар башка мектептердин жетекчилерине койот.
XS
SM
MD
LG