Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:45

ЕВРОБИРИМДИКТИН АСКЕРИЙ ПЛАНДАРЫ


Ушул аптада Брюсселде Евробиримдиктин коргоо министрлеринин жолугушуусу болду. Коргоо мекемелеринин жетекчилери аскерий кызматташтыкты өөрчүтүү жана биримдиктин алкагында бир катар жаңы структураларды түзүү жөнүндө макулдашышты.

Европа Биримдиктин тышкы жана коопсуздук саясаты боюнча комиссары Хавьер Солана быйыл биримдиктин коргонуу жаатындагы кызматташтыгына жаңы дем берилет деп билдирди.

Комиссардын айытымында, 2004-жылы Евробиримдиктин алкагында аскерий агенттик жана аскерий пландоо бөлүгү түзүлмөкчү. Андан тышкары НАТОнун Босниядагы миссиясы ЕУФОР деп аталган европалык күчтөр менен алмаштырылат. Бул чечимдер Евробиримдиктин июнь айында өтүүчү саммиттинде жактырылып, декабрдан тарта ишке киргизилмекчи.

Биримдик ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдү өнүктүрүү жаатындагы иштерин да уланта берет. 1999-жылы 2003-жылга карай 60 миң жоокерден турган ошондой күчтөр түзүлөт деп болжолдонгон эле. Бирок бул максат ишке ашпай калган. Эми биримдик тез аракеттенүүчү күчтөрдүн саны 2010-жылга карай 10-15 миң аскерге жеткирилет деп пландап жатат.
Шейшембиде Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Солана:

- Ошентип, 2004-жыл - Евробиримдиктин коопсуздук жана коргонуу саясатындагы эффективдүү жылдардан болуп калмакчы. Бул жааттагы окуялар кээде пессимисттик маанайды жаратышы ыктымал. Бирок ага негиз жок. Биримдикитин эң маанилүү иш-чаралары натыйжалуу жүргүзүлүүдө, -деди.

Комиссардын ырастоосунда, Босниядагы НАТО аскерлерин Евробиримдиктин күчтөрүнө алмаштыруу планы АКШ тарабынан жактырылган. Бирок НАТО согуш кылмыштары үчүн айыпталган адамдарды издөө жана жергиликтүү аскерлерди машыктыруу иштерин аркалоону уланта бермекчи. ЕУФОР НАТОнун жабдыктарын жана инфраструктурасын пайдаланганы менен, европалык аскерлер Евробиримдиктин командачылыгына гана баш ийет.

Босниядагы операцияны координациялоо вазийпасы биримдиктин аскерий пландоо боюнча бөлүгүнө жүктөлмөкчү. Жаңы түзүлө турган бөлүк бара-бара кеңсеге айланмакчы.

Евробиримдиктин дагы бир жаңы структурасы – аскерий агенттик – коргонуу тармагындагы соода менен өз ара байланыштарды координациялап турмакчы.

Биримдиктин азыркы төрагасы, Ирландиянын коргоо министри Майкл Смиттин айтымында, коргонууга сарпталган каражаттын көлөмү көбөйтүлбөйт. Бирок тармактагы кызматташтыкты өөрчүтү жакшы натыйжага алып келиши мүмкүн.

Министрдин пикиринде, ыкчам аркеттенүүчү күчтөрдүн пайда болушу жакшы бир жышаана:

- Биримдик тез аракеттенүүгө кудуреттүү болушу керек. Мисалы, БУУ биримдиктин ошондой күчтөрдү түзүү мүмкүнчүлүгүнө кызыгып жатат.

Долбоорго ылайык, 1 жарым миңдей аскерден турган согуш топтору түзүлүп, алар 15 күндүн ичинде дүйнөнүн кайсы болбосун бурчуна жайыгаштырылууга кудуреттүү болмокчу. Ошол топтордун мандаты бейпилдик орнотуудан баштап жаңжалдарды алдын алуу чараларын жүргүзүүгө укук берет.

Ошол эле мезгилде биримдикке мүчө мамлекеттер өз аскерлерин ыкчам аракеттенүүчү топторго киргизгиси келсе, НАТОнун ошондой эле күчтөрүнө катышпоого тийиш.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG