Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Азербайжанда саясий туткундардын көпчүлүгү бошотулду


БАКУ. Азербайжандагы саясий туткундарга байланышкан маселе жакында биротоло чечилиши керек. Мындай пикирин кечээ иш сапарынын акырында Бакуда берген маалымат жыйынында Европа Кеңешинин баш катчысы Вальтер Швиммер билдирди.
Анын айтымында, укук коргоочулар тарабынан саясий туткун катары таанылган Азербайжандагы 716 адамдан тизмеде 14ү калды, көбү бошотулду. Алардын ичинен экөөнө президент Илхам Алиев ырайым берди. Айрым бөлүгүн эларалык эксперттер тизмеден чыгарышты. 11 кишинин ишин сот кайра карап жатат, үчөө сотко даярдалууда. Швиммердин айтымынды, Европа Кеңешине мүчө өлкөдө саясий туткун болбошу керек. Баш катчынын айтымында, Азербайжандын жана Европа кеңешинин жетекчилиги адам укуктары жаатындагы милдеттенмелердин аткарылыша байланышкан маселелерде бир пикирге келишти.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Бурулкан Турдубек кызы, Прага

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG