Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:40

Түркмөнстан менен Белорусиядагы жагдайга БУУ келерки аптада баа берет


ЖЕНЕВА. Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча комиссиясы Түркмөнстандагы жана Белорусиядагы адам укуктарынын абалына келерки аптада баа берээри күтүлүүдө. Бул маселени Европанын мүчө мамлекеттери жана Кошмо Штаттары добуш берүү менен чечишет. Комиссия өз долбоорунда Түркмөнстанды негизсиз кармоолор, камоолор, маалымат каражаттарынын, оппозициячыл саясатчылардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жасагандыгы, улуттук азчылыктарды басмырлагандыгы үчүн айыптаган. Ал эми Белорусияны шайлоо жараяндарына, үч саясий диссиденттин жана журналисттин дайынсыз жоголушуна байланыштуу сынга алууда. Комиссиянын көз карашында бул эки өлкө уюмдун өткөн жылда айткан сынынан эч кандай тыянак чыгарган эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG