Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Европа соту Батуми мэрин түрмөдөн бошотууну суранды


ТБИЛИСИ. ИТАР-ТАСС агенттигинин жазганына караганда, Ажариянын башчысы Тенгиз Абашидзе Батуми шаарынын мурдагы мэри Тенгиз Асанидзени түрмөдөн бошотууну көздөп жатат.
Кечээ Европа соту Асанидзенин кайрылуусунун негизинде, аны бошотууну Грузия бийлигинен суранып, моралдык чыгым үчүн 155 миң евро төлөрүн убада кылган. Президент Михаил Саакашвили Ажар башчысын белгилүү саясий туткунду бошотууга ынандыргандыгын жергиликтүү телеберүүдөн жарыялаган.

Асанидзе 1993-жылы камалып, экономикалык кылмыштар үчүн соттолгон. 1999-жылы октябрда ага президент Шеварднадзенин жардыгы менен кечирим берилген. Бирок эки күндөн кийин кылмыштын оордугун эске алып, президент жардыгын кайра жандырган. 4 жыл мурун Ажария Башкы прокуратурасы Асанидзени милиция кызматкерин өлтүрүүгө катышты деп айыптаган. 2001-жылы Жогорку сот аны актаса да, Ажария бошоткон эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG