Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Ирак козголоңчулары чет өлкөлүктөрдү барымтага алышты


БАГДАД. Жапон өкмөтү антитеррордук коалициянын курамынан өз аскер күчүн алып чыгып кетүү ою жогун билдирди. Мындай талапты Ирак козголоңчулары жапондук үч атуулду барымтага алгандан кийин өкмөткө коюшкан. Ирактыктар жапондук бир аял жана эки эркекти уурдашып, үч күн ичинде талап аткарылбаса аларды өрттөшөрүн билдиришкен. Маалыматтарга караганда, акыркы күндөрү чет өлкөлүк 14 атуул уурдалды. Алардын катарында израилдик эки араб бардыгы айтылууда. Ал эми түштүк кореялык сегиз адамдын бири качып кетип, калганы дароо бошотулган. Акыркы маалыматтар боюнча, антиамерикачыл козголоңчулар Ирактын түштүгүндөгү Кут, Нажаф жана Кафа шаарларын ээлеп турушат. Ирактагы америкалык аскер күчтөрүнүн башчысы Рикардо Санчестин айтымында, АКШ башында турган коалиция күчтөрү жакында чечкиндүү соккуну баштайт.

Соңку кагылышууларда Ирактык 400, америкалык 40 чамалаш адам набыт болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG