Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:02

ТЕРРОРЧУ КАТАРЫ АЙЫПТАЛЫП ЖАТКАНДАР СОТТО АКЫРКЫ СӨЗҮН АЙТЫШТЫ


«Манас» аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасын жардырууга аракеттенген деп шектелип кармалган төрт атуулдун акыркы сөзү бүгүн (9-апрелде) Бишкектин Ленин райондук сотунда угулду. Андан кийин ишти карап жаткан судья Канатбек Турганбаев 12-апрелге чейин тыныгуу жарыялады.

Бүгүн саат түштөн кийинки 2ге белгиленген сотко адаттагыдай эле террордук жардырууларды жасоону көздөгөн деп шектелип кармалгандардын жакындары келди. Бирок сот жараяны 40 мүнөттөй кечигип башталды. Судья Канатбек Турганбаев күнөөлөнүп жаткандардын ар бирине акыркы сөз берди.

Өз сөзүндө күнөөлөнүп жаткан Кыргызстандын үч атуулу Иран жана Пакистанга диний билимдерин өркүндөтүү максатында барышканын айтышып, бирок эч кандай экстремисттик диний агымдарга аралашпаганын билдиришти. Алар өздөрүн күнөөлүү эмес деп санаарын айтып, ошондуктан толук актап сот залынан эле боштондукка чыгарууну соттон өтүнүштү.

Айыпталуучулар, ошондой эле, буга чейинки моюнга алуулар атайын кызматтардын өкүлдөрүнүн уруп-согуусунун астында болгону тууралуу айткандарын кайталашты. Ал эми төртүнчү айыпталуучу, Казакстан атуулу андай уруп-согуунун издери денесинде бар экенин жана сот кааласа азыр да медициналык экспертизадан өтүүгө даярдыгын билдирди.

Айыпталуучулардын бирөөсү, кыргыз атуулу тинтүүдө үйүнөн кесилген мылтыктын табылыш себебин, «ал куралды мурда таап алган элем. Жеке шалаакылыгымдан убагында тартип коргоо органдарына тапшырып бербей калганмын» деп түшүндүрдү. Ал эми Казакстан атуулу короосунан жардыргыч заттын табылышын, атайын өзүнө каршы жасалган иш катары баалады.

Айыпталуучулардын өздөрүн толук актоо тууралуу сөзүн уккандан кийин судья Канатбек Турганбаев 12-апрелге чейин тыныгуу жарыялады. Ал күнү (келээрки дүйшөмбүдө) сот бул ишке карата өз өкүмүн чыгараары күтүлүүдө.

Айыпталуучулардын акыркы сөзүнөн кийин мамлекеттик айыптоочу, Ленин райондук прокуратурасынын өкүлү Татти Исмаиловага кайрылып, айыпталуучуларга карата пикириңиз өзгөрдүбү деп сураганыбызда, ал «Жок!» деп жооп берди. Буга чейинки сот жараянында прокурор айым тергөөнүн жүрүшүндө төрт адамдын күнөөсү толук далилденгенин айтып, алардын экөөсүнө 20 жыл, бирөөсүнө 17 жыл, дагы бирине 15 жыл сураган эле.

Ал эми айыпталып жаткан кыргыз атуулдарынын адвокаты Айнабек Качкынбаевге кайрылып, соттон кандай өкүм күтүп жатканын жана ал коргоп жаткан атуулдардын акыркы сөзү тууралуу сураганыбызда, «Азаттыкка» буларды билдирди:

- Сотко алар күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтышып, айбы жок экенин такташты. Алар ошондой эле тергөө иши туура эмес жүргүзүлгөнүн, сот жообуна туура эмес тартылып жатканын билдиришип, соттон адилеттүүлүктү суранышты. Ал эми сот кандай чечим чыгарат, аны боолголоо кыйын.

АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын «Манас» аба майданында жайгашкан «Ганси» аскердик аба базасын жардырууга аракеттенген деп шектелип, өткөн жылы үч кыргыз, бир казак атуулу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалган. Аларга террорчулук, мыйзамсыз курал сактаган деген күнөөлөр коюлган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG