Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

ЖАПОНИЯ ӨЗ АСКЕРЛЕРИН ИРАКТАН АЛЫП КЕТПЕЙТ


Кубат Оторбаев, Прага Жапония Кошмо Штаттары баштаган коалициянын Ирактагы аракеттерине гуманитардык жактан кол кабыш кылуу максатында гана кошулган эле. 8-апрелде ал-Мажахидиндин бригадасы деген куралчандар үч жапонду барымтага алышты. Алар эгер жапон күчтөрү өлкөдөн үч күндүн ичинде чыгып кетпесе колго түшүрүлгөндөрдү өлтүрөбүз деп коркутуп жатышат. Ошондон улам Жапон өкмөтү, дегеле жалпы коалиция оор абалда калды.

Арабдардын “ал-Жазира” телеканалы 8-апрелде ал-Мажахидиндин куралчан тобунун колунда барымтада кармалып турган үч жапонду көрсөттү. Аудиотасмада бетин чүмкөп алган төрт эркек колдоруна бычак, кылыч кармап жерде жаткан үч жапонду күзөтүп турушат. Алар Жапон өкмөтүнө “же силер үч күндүн ичинде өз аскерлериңерди Ирактан чыгарып кетесиңер, же болбосо биз силердин бул барымтага түшкөн үч атуулуңарды тирүүлөй өрттөйбүз!” деген талап коюшту.

Коалициялык күчтөр мындайды Ирактан биринчи жолу көрүп отурушат. Буга чейин барымтага киши кармап алып, аны саясий максатка пайдаланган окуя бул өлкөдө дегеле боло элек эле.

Барымтага алынгандардын үчөө тең аялдар. Экөө кесиби боюнча курулушчулар, үчүнчүсү – журналист экен. Алар Ирактын түштүгүндө - Муктада ас-Садр менен коалициялык күчтөр кармашып жаткан аймакта колго түшүрүлдү.

Бул окуя ансыз да согушту жек көргөн Жапонияга катуу таасир тийгизди. Алгач 8-апрелде Жапон өкмөтүнүн башкатчысы Ясуо Фукуда барымтага алынгандар тез арада бошотулушу керек деп билдирди:

- Эгер бул маалымат так болсо жана чындыгында эле жапон атуулдары уурдалган болсо бул өтө өкүнүчтүү окуя. Биздин ачуубуз келип жатат. Жапон өкмөтүнө келсек, биз аларды дароо бошотуп алууга аракеттенебиз. Ошондой эле, Ирактагы баардык жапондордун коопсуздугун сактоого аракет кылабыз.

Жапониянын өзүндө болсо саясий кызуу талкуулар башталды. Өкмөт Иракка 1100 аскерди жөнөтөөр алдында бул миссиянын маанилүүлүгүн парламентте араңдан зорго коргоп калган болчу. Депутаттар жапон күчтөрүн “Иракка бир гана тынчтык максатта барышсын, согуштан кыйраган суу түтүктөрүн жана башка жашоо-турмушка керектүү иштерди аткарышсын, бирок ирактыктарга каршы согуштук аракеттерге түк аралашпасын” деген шарт менен жөнөтүшкөн болчу. Эми Жапон өкмөтү “оңго барсаң атың өлөт, солго барсаң максатыңа эч качан жетпейсиң” дегендей эле эки ача жолдо калды.

9-апрелде Жапон парламентинин алдына чыккан демонстранттар өкмөттү Ирактан аскерлерди токтоосуз чыгарып кетип, барымтага алынгандарды сактап калууга чакырышты:

- Өзүн-өзү коргоочу күчтөрдү Ирактан токтоосуз алып чыгып кеткиле! – деп кыйкырып жатты аялдар.

Мындай талаптарга Токиодо өткөн маалымат жыйынында Жапон өкмөтүнүн башкатчысы Ясуо Фукуда “биз террорчулар менен сүйлөшүүлөргө барбайбыз” деген жообун билдирди:

– Силер эмне, алар бизди биринчи жолу коркутканда эле багынып бергиле дегени турасыңарбы! Бул террорчуларга майдай жагат. Террорчулар ушуну эле күтүп турушат. Силер аларды тааныгыла дегени турасыңарбы?

Ошентип ушуну менен акыркы күндөрдө Иракта чет элдик 13 атуул барымтага алынды. Мындан мурда Израилдин, Британиянын жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү да колго түшүрүлгөн болчу.

Түштүк Кореянын 7 атуулу алар “ирактыктарга жардам көрсөтөлү дегенден башка зыяныбыз жок” дегенден кийин 8-апрелде барымтадан аман-эсен кутулуп чыгышты.

XS
SM
MD
LG