Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Баткен облусунда саламаттык сактоо тармагындагы абал начар


БАТКЕН. 9-апрелде өткөн облустук акимчиликтин коллегиясында Улуттук "Манас" программасынын облуста аткарылышы жөнүндөгү маселе каралды. Анда облус аймагында акыркы жылдарда бруцеллез, кургак учук, ичкелте сыяктуу жугуштуу оорулардын көбөйүп жатышы белгиленип, санитардык абалдын начардыгы жөнүндө сөз болду. Маселен, өткөн жылы малдан жукчу бруцеллез ылаңына 582 адам кабылган. Бул мурдагы жылга салыштырганда эки эсе көп. Мындан сырткары жыйында облустагы көпчүлүк дарыгерлердин өз ишине кайдыгер мамиле жасаары да белгиленди. Буга мисал катары өткөн жылы 88 оорулууга туура эмес аныктама берилип, 174 оорулууга туура эмес дарылоо жүргүзүлгөнү айтылды. Натыйжада аталган программанын облустун аймагында аткарылышы начар деп табылып, облустук оорукананын жетекчиси Абдысамин Анарбаевге катуу сын айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG