Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

Террорчулар деп айыпталгандардын соту уланды


БИШКЕК. Бишкектин Ленин райондук соту антитеррордук коалициянын Ганси авиабазасын жардырууга кам көрүшкөн деген шек менен кармалып, айыпталган атуулдардын кылмыш ишин кароону улантты. Бул күнү айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөштү. Алар Ганси авиабазасын жардырууга эч качан ниеттенишпегенин жана өздөрүнө коюлуп жаткан күнөөлөр негизсиз экендигин билдиришип, соттон актоону өтүнүштү. Ал эми коюлган күнөөнү моюндарына алууга улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнүн ур-токмогу мажбур кылгандыгын кабарлашты. Сот бардык тараптын көрсөтмөлөрүн угуп бүтүп, эми дүйшөмбү күнү чечим чыгарышы күтүлүүдө. Кыргызстандык үч, Казакстандык бир атуул өткөн жылдын күз айында Ганси авиабазасын жардырууга камданышкан деген шек менен кармалган.

XS
SM
MD
LG