Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:06

ЖОГОРКУ СОТ АКСЫ ОКУЯСЫНА КҮНӨӨЛӨНГӨН АТКАМИНЕРЛЕРДИ ТОЛУК АКТАДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн (9-апрелде) Кыргызстандын Жогорку сотунун коллегиясы Аксы окуясы боюнча жабырлануучулардын апелляциялык арызын карады. Жогорку сот буга чейинки Аскердик соттун өкүмүн күчүндө калтырып, Аксы окуясы боюнча айыпталган жергиликтүү бийликтин аткаминерлерин толук актады.

Сот ишин кароо эртең мененки саат ондо башталды. Адегенде каршы тараптар соттук коллегияга өз өтүнүчтөрүн айтышты. Жабырланучулар «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевди, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулованы, "Атуулдук коом коррупцияга каршы" бейөкмөт уюмдун төрайымы Төлөйкан Исмаилованы, «Адам укугун коргоо комитетинин» өкүлү Мамасадык Жакишевди жана «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын» төрагасы Турсунбек Акунду жабырлануучулардын коомдук коргоочусу катары сотко катыштырууну өтүнүштү.

Ошондой эле алар сот ишине Аксы окуясын иликтеген мамлекеттик жана коомдук комиссиянын ишинин жыйынтыгын тиркөөнү жана сот жараянына күбө катары ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиевди, анын орун басары Калмурат Садиевди, Аксы окуясы боюча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүн катыштырууну айтышты. Сот коллегиясы укук коргоочу Турсунбек Акундан башкаларды жабырлануучулардын коргоочусу катары сотко катыштырууга уруксат берди. Ал эми айрым жогорку бийлик өкүлдөрүн сотко күбө катары катыштырууга жана мамлекеттик комиссиянын бүтүмүн сот ишине кошууга макулдук берилген жок.

Сот коллегиясынын мындай чечимине нааразы болгон жабырлануучулар жана алардын жактоочулары сот ишин алып баруучу судьяларга жана прокуратуранын өкүлүнө ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүштү. Бирок алардын мындай өтүнүчү канааттандырылган жок.

Андан соң жабырлануучулар жана алардын адвокаттары сөз сүйлөштү. Жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчибеков 2002-жылдын 17-мартында район борборуна тынч минтинг өткөрүүгө бара жаткан куралсыз атуулдарга райондук жана облустук бийликтин өкүлдөрү жетектеген милиция кызматкерлери ок атып, алты адам каза болгондугун айтты. Адвокат ошондой эле андан бери эки жылдан ашуун убакыт өтсө да алты адамдын өлүмү тууралуу жана Аксы окуясы учурунда милиция кызматкерлеринин ур-токмогунан жабыркаган атуулдардын арызы боюнча кылмыш иши козголбой жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле ал буга чейин Аксы окуясы боюнча жергиликтүү бийликтин жети өкүлү митинг, жөө жүрүшкө тоскоолдук кылган деген айып менен соттулушуп, бир жылдан соң Аскердик сот тарабынан жасалма фактылар менен акталгандыгын айта кетти.

Андан аркы сөзүндө Сартбай Жайчибеков буга чейин суралбаган күбөлөрдү, сот ишине камтылбаган фактыларды эске алуу менен тергөө ишин оңдоп жүргүзүп, жаңы чечим кабыл алууну өтүндү. Анын айтымында, жергиликтүү Базарчиева, Азимбаева, Четинбаева, Чоноров, Момункулова, Астанкулова аттуу атуулдар Аксы районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Данияр Кулуев эңкейип алып өзү пистолеттен ок атып, башкаларды да ок аткыла деп буйрук бергендигин айтышкандыгын, бирок бул факты тергөө мезгилинде эске алынбагандыгын билдирди:

- Ушуга окшогон түздөн-түз көрсөтүлгөн далилдер тергөөнүн жүрүшүндө текшерилген эмес. Натыйжада Ош горнизондук жана аскердик сот бир жактуу, бийлик өкүлдөрүн актаган чечим чыгарган, - деди Сартбай Жайчибеков.

Ал эми жабырлануучулардын коомдук коргоочусу Төлөйкан Исмаилова милициянын огу тийген Сапаралиев Кадыркул жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өз убагында медициналык жардам бербей каза болгондугун белгиледи. Анын айтымында, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери коомчулукка башкача маалымат берүү үчүн каза болгон Сапаралиев Кадыркулдун башын келемиш жеп кеткен деп өз алдынча кескилеп, Аксы окуясында каза болгон маркумдардын сөөктөрүн башка жакка алып барып көмүүгө аракет жасагандыгын айтты:

- Тартип коргоо кызматкерлери коомчулукка башкача маалымат беребиз деп, жарадар болуп бирок көзү тирүү турган адамдарды өлтүрүшүп, каза болгондордун көзүн чукушкан. Колдоруна таш карматышып, тасмага тартышкан. Булардын баары Аксы окуясын иликтеген коомдук, мамлекеттик комиссиянын ишинде тиркелди.

Ал эми каза болгон Үркүнбаев Сатинбайдын апасы Үркүнбаева Камка өз баласын баласын Баймурат Шерботоев атуу милиция кызматкери атып өлтүргөндүгүн, ал эми мамлекет башчы Аскар Акаев күнөөлүүлөрдү бир аптанын ичинде жазалайм деп убада берип, өз убадасын аткарбай жаткандыгын ый аралаш билдирди:

- Менин балам силерге окшогон азамат болчу. Күрөшчү, байге алчу, эңишчү эле. Аскар Акаев Аксыга барганда күнөөлүүлөрдү бир аптанын ичинде жазалайм деп убадасын берген. Мамлекет башчысы андай убадасын эмдигиче аткарбай келет. Мен Аскар Акаевди жалганчы дейм.

Ал эми жабырлануучулардын актоочусу «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев Аксы окуясына мамлекет башчы күнөөлүү экендигин, ошондуктан азыркы бийлик алмашмайынча Аксы окуясы боюнча адилетүү чечим чыкпайт деген оюн ортого салды:

- Аксы окуясы боюнча башкы командачы жана мамлекет башчы катары Аскар Акаев соттолушу керек. Андай болбосо Акаев эртели-кеч сөзсүз соттолот. Бул окуя бүгүн-эртең изилденбесе, ушул эле мырзалар күнөөлөнсө бийлик алмашканда сөзсүз бул маселе ого бетер күчөп чыгат.

Сотко катышып жаткан Данияр Кулуев, Шермамат Осмонов, Зоотбек Кудайбергенов сот жүрүшүндө айтылган жогорудагыдай пикирлер боюнча «Азаттык» радиосуна өз ойлорун айтуудан баш тартышты. Ушул эле күнү Жогорку сот Аксы окуясы боюнча буга чейинки аскердик соттун чечимин күчүндө калтырды.

Аксы окуясы боюнча аткаруу бийлигинин облустук жана райондук деңгээлдеги жети өкүлү 2002-жылдын 28-декабрында Ош горнизондук соту тарабынан «митинг, пикет өткөрүүгө жолто болгон» деген айып менен соттолушуп, 2003-жылдын 16-майында аскердик сот тарабынан толук акталышкан.

Ал эми Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаров бул маселе боюнча келечекте өлкөнүн Конституциялык сотуна жана эларалык сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG