Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:42

ЫРДАЛЫП БҮТПӨЙТ МАХАБАТ


"Ырдап кой" аттуу түрмөгүбүздөн Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, обончу, ырчы-аткаруучу Каныкей Эралиеванын "Ырдалып бүтпөйт махабат" аттуу ыры жөнүндө берүүнү угуңуздар.

- Каныкей айым менин колумда өткөн жылдын аягында жарык көргөн "Коңур күз" аттуу жыйнагыңыз турат. Баш-аягы 350дөй обон чыгарыпсыз. Чыгармачылыгыңыздын басымдуу көпчүлүгүн махабат ырлары ээлейт экен. Алардын бири - "Ырдалып бүтпөйт махабат" аттуу ырыңыз. Ушул угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк тапкан обонуңуздун жазылышы, чыгышы жөнүндө угармандар менен ой бөлүшө кетсеңиз?

- 1996-жылы Ошко чыгармачылык сапарга аттанып калдым. Мен түшкөн учак менен акын Надырбек Алымбеков агай да кошо учуп калды. Агай мага жаңыдан басмадан чыккан "Ырдалып бүтпөйт махабат" аттуу китебин белекке берди. Китептин биринчи бетин ачсам "Ырдалып бүтпөйт махабат" деген ыр бар экен. Окусам обон чыгарууга абдан ылайыктуу көрүндү. Бат эле обон жаздым. Алгач ушунчалык ырым угармандардын арасында ырдалып кетээрин күткөн жокмун. Ошентип бул ырым бат эле элдик болуп кетти.

- Ырахмат. Анда кезекти обончу, ырчы Кадыраалы Артыков менен кошулуп ырдаган "Ырдалып бүтпөй махабат" аттуу ырыңызга берейин.

Тектеш

XS
SM
MD
LG