Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Кузбасстагы шахталардын биринде кырсык болду


Осинники шаарындагы “Тайжина” кенинде метан газы жарылып, 22 шахтер набыт кетти. Кырсык болгон маалда жер алдында 54 кенчи иштеп жаткан дешет, алардан он алты адам куткарылды. Калгандарынын азырынча дайыны билине элек. Кемерово областынын жетекчилиги кырсык тууралуу Москвага, президент Путинге кабарлап, куткаруу иштери уланып жаткандыгын билдиришти.

Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Эсенбай Нурушев, Прага

XS
SM
MD
LG