Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

Ирактын башкаруу кеңеши коалициядан согуштук аракеттерди токтотууну талап кылды


Кеңештин мүчөсү Аднан Пачачи америкалык аскерлердин Фаллужадагы аракеттерин кескин айыптап, аны шаардын калкын жалпы бирдей жазалоо операциясы деп атады. АКШнын президенти Жорж Буш акыркы окуяларга карабастан коалиция быйыл жайда бийликти ирактыктарга өткөрүп берерин кайрадан бышыктады. Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл өтүп бараткан апта Иракта эң апааттуу болгонун белгилеп, ошол эле учурда көпчүлүк ирактыктар коалицияны колдой тургандыгына ишенич билдирди. Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро да Иракта өтө кыйын кырдаал түзүлгөнүн моюнга алган эле.

XS
SM
MD
LG