Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

Ысыккөл облусунда жазгы талаачылык жумуштары башталды


КАРАКОЛ. Ысыккөл районундагы Ананьево айыл өкмөтүндө быйылкы жаздын алгачкы борозу салынды. Облустук агрардык өнүктүрүү сектору тараткан маалыматка караганда быйыл облус боюнча 116 миң гектар аянтка дан эгиндери айдалат. Учурда облус боюнча 19 миң 267 тонна үрөн даяр. Ал эми айыл чарба адистеринин жана жергиликтүү дыйкандардын пикирлеринде айыл чарба шаймандарынын, күйүүчү жана майлоочу майдын, үрөндүн, жер семирткичтердин жетишсиздиги дале кендирди кесүүдө. Айрыкча жер семирткичтердин тартыштыгы айдоо аянттарын иштетүүнүн технологиясын бузууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG