Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:18

Лейлекке качан көңүл бурулат?


БИШКЕК. 6-апрелде болгон жер титирөөдөн Баткен облусунун Лейлек районундагы Сумбала айыл өкмөтүндөгү Манас орто мектебинин дубалдарынан жаракка кетип, кыйроо абалында турат. Учурда мектепте сабак өтүү токтотулду. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасынын депутаты Самат Бөрүбаев Лейлектен билдирди. Анын айтымында кыйроодо турган мектептин жанында 12 жыл мурда жаңы мектептин курулушу башталып, каржынын жоктугунан курулуш иши токтоп калган. Өкмөт тарабынан, областык бийлик тарабынан бул аймакка көңүл бурулган эмес. Ошондой эле “райондо жазгы айдоо иштери башталганы менен күйүүчү-майлоочу май кымбаттап, жанармайдын баасы 13-14 сомго чыккан. Үрөнгө, жер семирткичтерге эл муктаж болууда”, - деп маалымдады депутат Самат Бөрүбаев.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG