Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:29

Ысыккөлдүн Түп районунда адам укугуна карата мамиле оңолобу?


БИШКЕК. Бүгүн Ысыккөл облусунун Түп районундагы Түп айылында “Адам укугун коргоодо милициянын ролу” аттуу темада семинар өткөрүлдү. Ага Түп райондук мамлекеттик администрациянын жана ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Жыйында Түп районунда адам укуктарына байланыштуу кырдаал тууралуу талкуу жүрүп, 5 багыттан турган резолюция кабыл алынды. Резолюцияда Түп районунда адам укугун тебелеген фактылардын кездешкени, ага карата мыйзамдын чегинде иш алып баруу, райондогу убактылуу тергөө жайынын жагдайын жакшыртуу маселелери камтылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери менен укук коргоо уюмдарынын мүчөлөрүнө укуктук билим берүү, мамлекеттик кызматтагылар менен жергиликтүү адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдардын биргелешип иш алып баруусу каралды. Бул тууралуу “Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG