Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Жогорку соттун Аксы окуясы боюнча чечимине нааразылыктар айтылууда


БИШКЕК. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму да Жогорку соттун Аксы окуясы боюнча чечимине карата билдирүү таратты. Анда Жогорку соттун азыркы курамы жаңыланмайынча Аксы окуясына күнөөлүүлөр боюнча адилеттүү чечим кабыл алынышы мүмкүн эмес деп айтылган. «Атуулдук коомдун өкүлдөрү Жогорку сот тарабынан Аксы окуясында каза болгондордун жакындары менен жабырлангандардын арызы адилет каралбай тургандыгын алдын ала билген», - дейт уюмдун төрайымы Төлөйкан Исмаилова. «Атуулдук коом коорупцияга каршы» бейөкмөт уюму Аксы окуясына күнөөлүүлөрдүн жазаланышын талап кылууну улантмакчы. Аксыдагы «Энелер» кыймылы да бул окуяга күнөөлүүлөр жазага тартылмайынча нааразылык акцияларын уланта беришээрин бүгүн «Азаттыкка» маалымдалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG