Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Атуулдук коомдун өкүлдөрү Аксы окуясын сот адилет караган жок деп эсептейт


БИШКЕК. "Жогорку соттун Аксы окуясы боюнча чечими өлкөдөгү сот бийлигинин акыйкатсыздыгын дагы бир жолу далилдеди" деген билдирүүнү бүгүн “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы коомчулукка таратты. Билдирүүдө Жогорку соттун чечими президенттин калыстыктан тайгандыгын далилдейт жана Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун 10-марттагы парламенттик талкууда айткан “Кыргызстанда качандыр бир кезде адилет сот бийлиги орноп, күнөөлүүлөр жазасын алышына ишенем” деген сөзүн төгүнгө чыгарды, деп айтылат. Ошондой эле Жогорку соттун коллегиясынын бул чечими Аксы окуясына байланыштуу соттук териштирүүгө чекит койо албайт деп айтылат билдирүүдө. "2002-жылы март айындагы аксылыктарга ок аткан милиция кызматкерлери жана ал окуянын чыгышына себепкер болгон бийлик жетекчилери өздөрүнүн күнөөсүнө жараша жазаларын алышы керек. Бул иш боюнча акыйкаттык издеп “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясы эларалык сотко кайрылат", деп жыйынтыкталат билдирүү.

XS
SM
MD
LG