Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

ЖОГОРКУ СОТТУН АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ЧЕЧИМИН КООМЧУЛУК КАНДАЙ КАБЫЛ АЛДЫ?


Жума күнү Жогорку сот Аксы окуясында жабырлангандардын арызын карап, республикалык аскер сотунун былтыркы чечимин күчүндө калтырды. Жогорку Соттун мындай жыйынтыкка келиши коомдо окуя боюнча дагы бир жолу карама-каршы пикирлерди жаратты. Сотко акыркы үмүт менен кайрылышкандар акыйкаттыкка жетүү үчүн дагы аракеттене беришээрин жарыя кылышса, айрымдар окуяга келечекке карата баа берип, кайра-кайра козутпай, көкүрөккө түйүп гана коюу керек деген көз карашта.

Жогорку сотко арыз жолдогондордун айтымында, арыз ээлери бул жолу сотко 2000-жылы беш атуулдун өмүрүн алып, жүздөн ашуун адамды жабырланткан окуя боюнча акыры адилет чечим болоор деген илгери үмүт менен келишкен. Бирок соттун республикалык аскер сотунун чечимин күчүндө калтырышы жабырлангандардын көңүлүн суутуп, дагы бир күрөшкө жол ачкандай болду. Ал тууралуу окуя учурунда каза болгон Сатымкул Үркүмбаевдин энеси Камкаян Үркүмбаева мындай пикирин айтты:

- Биз чоң үмүт менен келдик эле. Чечимге нааразыбыз. Биз буга чейин мыйзамды сыйлап, акыйкатына жетет деген элек. Ага жеткирген жок. Эми эмне кылалы? Эми Конституциялык, эларалык сотко берели деп жазып олтурабыз. Анан Акаевге кирели деп жатабыз.

Ал эми жабырлангандардын адвокаты Сыртбай Жайчибеков Конституциялык сотко кайрылууга негиз берүүчү жагдайлар бар экендигин төмөнкүчө билдирди:

- Биринчи жолу ишти республикалык аскер соту караганда Конституцияга ылайыктап туруп актаган. Эми биз ошону анализдеп чыгабыз. Эгер Конституциянын нормасы бузулганы анык болсо анда биз арыздана алабыз.

Соттун чечимине нааразы болгон айрым аксылыктар жума күнү район акими Абдымалик Эгембердиевге кайрылышып, адилеттикти камсыз кылууга көмөк көрсөтүүнү, эгер ага алы жетпесе иштен кетүүсүн талап кылышты. Ал эми аким Абдымалик Эгембердиев соттун ишине кийлигише албасын төмөнкүчө билдирди:

- Эми Жогорку сот кабыл алган чечимге баа беришке менин укугум жок жана туура келбейт. Себеби мен процесске катышканым жок, чечимди өзүм укканым да жок. Менин оюмча, сот аркы-беркисин салмактап туруп чечти.

Анткен менен соттордун эң жогорку инчтанциясы болгон Жогорку сот да окуяны адилет териштирген жок жана соттор окуяны калыс чече албайт деген көз караш дагы бир жолу бекемделди дешет айрым талдоочулар. Аны соттун чечими боюнча Жалалабад шаар тургундарынын сурообузга берген төмөнкү жооптору айгинелейт:

- Атым - Ишенов Медер, Жалалабад шаарынын тургунумун. Сот адилет болгон жок. Себеби, алар кызмат абалынан пайдаланды, пикет, митингге чыккан адамдарды токтотту деп гана соттошту. Ал эми адамды атты, курал колдонду деп аларды эч ким соттогон жок. Бул Аксы окуясы ар бирибиздин, Кыргызстанда жашаган адамдардын бүтпөгөн арманы болуп калат. Анткени ал - атайын уюштурулган. Муну ушул убакка чейин окуяга күнөөлүү адамдардын жазаланбай, майлуу жерден жайлуу жерлерге которулганы далилдеп турат.

- Мен - Турмамат Сапарбаев. Эл эки жылдан бери Аксы окуясы боюнча чындыкты издеп, чырылдап жүрөт. Бирок президент Аскар Акаев өзү «элдин 80 проценти сотко ишенбейт» деп айткандай, ал соттордон чындыкты тапкан чечимди күтүүгө болбойт. Эл ишенбеген сот эч качан акыйкат чечим чыгара албайт. Ошон үчүн бул жерде күнөөлүүлөр көрүнүп турса да, алар күнөөсүз деп актап жиберет. Мен ушуга гана ишенем.

Ал эми Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев Аксы окуясынын чыгышына бийликтин да, бийликти ээлеп алууга умтулган күчтөрдүн жетегине алданган элдин да күнөөсү бар деген ойдо. Анын көз карашы боюнча, Аксы эли саясий оюндарга кызыгы канбаган эки тараптын кармашынын курмандыгы болду жана кыргыз эли окуянын элди мүңкүрөткөн кесепети менен келечекке тийгизе турган таасирин тең салмактап саресеп салууга мезгил жетти. Байжиев мындан ары ушундай окуяларды болтурбоо үчүн эл кыраакы болууга милдеттүү дейт:

- Мен күнөө эки жактан тең кетти деген ойдомун. Эл ушунчалык кастыкка баруусу керек беле? Ага баргандан кийин мамлекет деген мамлекет, милициялардын колунда бийлик деген бар. Анан саясатчылар дайыма элди пайланышат да, эки ортодо эл кыйналып, кыянатка учурап жатпайбы! Ошон үчүн эл кыраакы болуш керек. Аларды үндөп жаткандардын эмне кызыкчылыгы бар, эмнени каалап жатат деп ойлонуу керек. Жок жерден мына 5-6 адам каза болду. Юлиус Фучиктин «Адамдар мен силерди абдан жакшы көрөм, бирок кыраакы болгула!» деген залкар сөзү бар. Эл мына ушуну эске алышы зарыл. Анткени эл-журттун дайыма башын айлантып, согуштуруп, кагыштырган күч болот. Андан эл эле жабыр тартат.
XS
SM
MD
LG