Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

ИРАКТАГЫ АБАЛ КООПТУУ БОЙДОН КАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Фаллужа шаарын курчоого алган америкалык аскерлер ирактык согушкерлерге ок атышууну токтотуп, сүйлөшүү жүргүзүүнү сунуштады. Ирактын Башкаруучу кеңешинин кээ бир мүчөлөрү америкалык саясатка каршылык билдирүүдө. Барымтага алынган 13 адамдын ичиндеги жапаниялык 3 жаранды барымтачылар өлтүрөбүз деп коркутууда.

31-март күнү Ирактын Фаллужа шаарында америкалык төрт жаран өлтүрүлүп, кийин алардын денелери мазакталгандан кийин, АКШ аскерлери шаарды курчоого алып, кылмышкерлерди таап берүүнү талап кылган. Бирок америкалыктар дайындаган шаар жетекчилиги аны көзөмөлдөн чыгарып жиберген. Динаятчылар болсо мазактоону сынга алганы менен, америкалыктар өлтүрүлгөнү тууралуу эч сөз айткан эмес жана кылмышты ким жасаганы да азырынча белгисиз.

Анткен менен, шаарды курчоого алган америкалык аскерлер катуу чара көрүүдөн да баш тартууда. Анткени эл арасындагы антиамерикалык жагдай өтө жогору болгондуктан, аскерий аракеттер күч алып кетиши мүмкүн. Өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече шаар азыр Муктада ас-Садр жетектеген согушкерлердин толук же жарым-жартылай көзөмөлүндө жана алар америкалыктарга каршы улам жаңы жерден чабуул коюуда. Онуна караган түнү Бакуба шаарындагы кагылышуудан кыркка жакын адам курман болду. 7-8-апрелде болсо ар башка жерлерде чет өлкөлүк 13 жаран барымтага алынды, алардын жетөө Түштүк Кореядан, үчөө Жапаниядан, экөө Израилден жана бири Британиядан келип иштеген аскерий эмес адистер.

Америкалыктар өздөрү дайындаган Ирактын убактылуу Башкаруучу кеңеши ичинде да АКШга каршы сын айтылууда. Анын мүчөсү, адам укуктары боюнча министр Абдел Басир Турки кызматынан чегинди. Дагы бир мүчө Абдул Карим Махуд ал-Мухамедави атайын жарыя жасап, өлкөдөгү кан төгүү токтотулмайынча Кеңештин ишине катышпай турганын билдирди. Кеңештин мүчөсү Гази ал-Явер дагы америкалыктардын жазалоо аракеттеринин токтотулушун талап кылып, кызматынан чегине турганын айтты.

Кеңештин мурдагы төрагасы Аднан Пачачинин пикиринде, Фаллужа шаарындагы кылмышты тыкан тергеп чыгып, күнөөлүлөрдү тапкандын ордуна, америкалыктар бүткүл шаарды жазалоого аракеттенүүдө жана мындай ыкмалар менен өлкөдө демократиялык тартип орнотуу мүмкүн эмес:

- Америкалык күчтөр жүргүзүп жаткан аскерий аракеттерге биз каршыбыз. Чындыгында бул Фаллужа шаарынын тургундарын жалпы бирдей жазалоого айланууда.

Акыркы бир аптанын ичинде Иракта коалициялык кыркка жакын аскер, төрт жүз элүүдөн ашык ирактыктар курман болду. Американын мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, мынчалык коогалаң мурда болгон эмес:

- Акыркы бир нече күндө болгон башаламандыктай окуяларды биз мурда эч качан көргөн эмеспиз. Мындай болот деп мен такыр күткөн эмесмин. Анткен менен менин оюмча, биздин аскерий башчылар абалды колго алып, тартип орнотот, алар анын баарын түшүнөт деп ойлойм.

Токио шаарында Ирактагы согушка каршы митинг уюштурулду. Миңдеген адамдар демонстрацияга чыгып, жапаниялык адистерди Ирактан чыгарып кетүүнү талап кылууда, оппозиция болсо өкмөттүн кызматтан чегинишин да сунуштады. Иракта жапаниялык үч жаранды барымтага алган согушкерлер - эгер жекшемби күнгө чейин жапаниялык аскерлер өлкөдөн чыгарылып кетпесе, туткундарды алар тирүүлөй өрттөп жибере турганын айткан.

Премьер-министр Дзюнитиро Коидзуминин атайын чабарманы Ичиро Айзава ишемби күнү эртең менен Йорданияга учуп келип, барымта кризисин чечүүгө аракеттенүүдө. Жапания Иракка өзүнүн атайын даярдалган аскерий тобун жибергени тууралуу да маалыматтар бар.

Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони дагы ишемби күнү Иракка келди. АКШнын вице-президенти Дик Чейни болсо ошол эле күнү Токиого учуп барып, жапаниялык жетекчилер менен жолугуп, коалициялык аскерлерди Иракта калтыруу жана башка маселелерди талкуулоого киришти.
XS
SM
MD
LG