Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:31

ЕККУ ТӨРАГАСЫ АЙТКАНДАЙ КЫРГЫЗСТАНДА БААРЫ ЖАЙЫНДАБЫ?


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси ушул жумада Кыргызстанда сапар менен болуп, бир катар расмий жолугушууларды өткөрдү. Алардын соңунда Соломон Пасси, Кыргызстан жетекчилигинин дарегине бир топ мактоолорду айтып, өлкө сот системасын, ички иштер министрлигин реформалоодо ийгиликке жетип, демократияны курууда алга кеткенин билдирди. Мындай мактоолорду өлкөдөгү саясий партия, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү кандай кабыл алып жатат? Кыргызстанда чындыгында эле демократия орнодубу? Өлкөдө майкөл-сүткөлбү?

Шаршембиде өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев менен жолугушуусунан кийин Соломон Пасси Кыргызстан жана анын жетекчилигинин дарегине карата мындай мактоолорду айткан эле:

- Мен өлкө президентин жана өкмөтүн демократиялык реформаларды жүргүзүүдөгү ийгиликтери, анын ичинде сот системасын жана ички иштер министрлигин реформалоодогу жетишкендиктери менен куттуктайм.

Ал эми президент Аскар Акаев ЕККУ менен Кыргызстан ар дайым бир пикирде болуп келатканын белгилеген.

ЕККУнун төрагасынын ушундай билдирүүлөрү чындыкка туура келеби? Өлкөдөгү реалдуу кырдаалды чагылдырабы? Ушундай суроо менен бир катар саясатчыларга кайрылган элек. Алардын бири - «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери , өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин жообу мындай болду:

- Чындыкты айтканда, сот системасы бизде такыр эле реформалана элек. Анда жакшы өзгөрүүлөр жок. Сот системасынын кандай иштеп атканы баарыбызга белгилүү. Ал эми демократия боюнча айтканда, коңшу өлкөлөр менен салыштырганда бизде демократия институттары иштеп жатат. Бирок акыркы беш-алты жылдын ичинде биздин демократиялык жараяндар токтоп калды деген ойлор бар. Мен ушул ойду колдоймун. Кыргызстандагы демократияны Борбор Азия өлкөлөрү эмес, Чыгыш Европа мамлекеттериндеги абал менен салыштыруу туура болот.

Муратбек Иманалиев "ЕККУнун bчки иштер министрлигине 3 миллион евро грант берип эле реформа жүрүп кетти дегени туура эмес, реформада структуралык, мазмундук өзгөрүүлөр болуш керек" дейт. "Мындай мактоолор кыргыз бийлигине кандай таасир этет?" деген суроого ал минтип жооп берди:

- Менин оюмча терс таасирин тийгизет. Мындай мактоолор биздин өкмөткө жакшы таасир этпейт.

Ал эми «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясынын президенти Эдил Байсалов ЕККУнун төрагасынын билдирүүлөрүнө карата мындай пикирин билдирди:

- Мен катуу нааразы болдум. Өтө начар төрагалык. Менин оюмча, Болгария өкүлү Борбор Азиядагы кырдаалды билбегендиктен ушундай сөздөрдү сүйлөп жатат. Кыргызстанда саясий туткундар болгондугу, маалымат каражатына куугунтук бардыгы баарына белгилүү. Менин оюмча, ушундай кырдаалда ЕККУнун төрагасынын мактоо сөздөрдү айтышы биздин өлкөгө пайда алып келбейт. Ал эми ЕККУнун түпкү максатына каршы келет.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев ЕККУнун кадрдык саясаты аксап жатканын, ал эми анын төрагасынын сөздөрү өлкөдөгү реалдуу кырдаалга тап-такыр туура келбесин айтып, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмун кескин сынга алды:

- ЕККУ формалдуу уюмга айланып барат. Алар реалдуу абалды билбейт. Ал жөн эле статистикалык органга айланып калды. Болгондо да өкмөттүн маалыматына таянып эле өз бүтүмүн чыгарууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG