Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

КҮН ЧЫГЫШЫМ, СЕНИ КҮТӨМ ЗАРЫГЫП...


"Ырдап кой" аттуу түрмөгүбүздөн таанымал обончу-комузчу Үсөн Сыдыковдун "Күн чыгышым" аттуу ыры жөнүндө музыкалык сүрөттөмөнү угуңуздар.

Жакында белгилүү музыкант Рафаэл Сарлыкбеков обончу-комузчу Үсөн Сыдыковдун "Күн чыгышым" аттуу ырын эстрада ансамбли үчүн азыркы кездин угуучуларынын табиттине, руханий дүйнөсүнө айкалышкандай чеберчиликте иштеп чыкты. Ал эми таанымал эстрада ырчысы Жылдыз Осмоналиева "Күн чыгышымды" мурда ырдашкан аткаруучулардан таптакыр айырмаланган өзгөчө бир аткаруучулук чеберчиликте, артыкча бир мукамдуу ыкмада ырдап калкка тартуулоодо. Анда кезек Ү.Сыдыковдун "Күн чыгышым" аттуу ырында. Аткаруучу эстраданын белгилүү ырчысы Жылдыз Осмоналиева.

Тектеш

XS
SM
MD
LG