Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:24

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ: "ДҮЙНӨДӨ МАМЛЕКЕТТЕР КЫЙРАП, ДООР АЛМАШАТ ЭКЕН, БИРОК ДИН КАЛАТ ТУРА..."


Султан Раев, Бишкек Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун "Азаттык" радиосуна берген маегинин акыркы бөлүгүндө адабият менен дин тууралуу ойлор ортого салынды.

- Чыңгыз Төрөкулович, "Кылым карытар бир күндөн" баштап кийинки чыгармачылыгыңызда жаңы көркөм атрибут пайда болду, динге көп кайрылып атасыз.

- Динди азыр түшүнүп, жаңы ой жүгүртпсөк болбойт. Дин деген өзү улуу нерсе. Дүйнөдө башка мамлекеттер, заманалар, доорлор келет кетет, дин калат экен. Бирок дин кээде өзүнүн догматизм жагына туруп алып эскирип, кээде турмуштун агымына, жылышына жардам бербей тоскоол болуп калышы мүмкүн. Андыктан мен өзүм чамам келгиче ойлономун дин деген эмне, динге канчалык берилиш керек, динге канчалык ишениш керек, ошондон эмне келип чыгат деп. Анан менин акыркы жазган "Кассандарынын эн тамгасы" деген романымда аракет кылгам, ушул жагдайларга көз салып. Адабият бир эле белгилүү болгон жол жобосу менен, сюжети менен жүрбөй, жаңы-жаңы дүйнөнүн түгөнбөгөн мүмкүнчүлүгүн колдонуш керек. Мен "Кассандра эн тамгасында" ошондой аракет кылгам.

- Бир жолу сиз "кыргыз тили оң колум, орус тили сол колум" деп айттыңыз эле. Сол колуңуз жүрөккө жакындыгынан эмеспи?

- Жок. Азыр мен айтып атам эки үзөңгүнүн заманы башталды. Алга кетсек, ат минсек эки үзөңгүнү тээп отуруп жылыш керек.

- Бизде жакшы сөз бар эмеспи "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деген, ушуну сиз кандай түшүнөөр элеңиз?

- Ар ким ар кандай түшүнсө болот. Түбөлүктүү нарктар, түбөлүктүү заттар бар. Ар бир элдин, улуттун руханий маданияттын ар түркүнү болот. Күндөлүк кызыкчылыктар, түбөлүк кызыкчылыктар болот.

- "Эң мыкты китеп алдыда" деген сөз бар эмеспи.

- Сөзсүз. Мен дагы ошого ишенип кээде капа болом. Убактым аз, ары-бери жүрүш көп. Азыр глобализация заманында улам эле бир жерге чакырышат, топтолушат, жаңы ой, жаңы проблемаларды алдыга салат. Ошолордун баарын ойлош керек, айтыш керек, убакыттың аз. Ошого бир аз кыйынчылыктамын. Бирок алдыдагы жазыла турган китеп, албетте өзүңө да бир башкача көрүнөт. Ушул жазылып калса балким жаңы жетишкендик болобу деп ойлойсуң.

- Урматтуу Чыңгыз Төрөкулович, сизге жалпы "Азаттык" радиосунун угуучуларынан чоң ыраазычылык билдиребиз. Баалуу убактыңызды бизге бөлүп, угармандарга кеңири маек куруп бергендигиңиз үчүн.
XS
SM
MD
LG