Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

АТУУЛДАРДЫН МИТИНГ, ПИКЕТКЕ ЧЫГУУ УКУКТАРЫ ЖӨНҮНДӨГҮ МЫЙЗАМГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛИШИ МҮМКҮН


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда жер-жерлерде “Атуулдардын тынч, эркин чогулууга, митинг, пикет өткөрүүгө болгон укугу жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү маселеси талкууланууда. Бул мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депуттары тарабынан даярдалган.

Кыргызстанда “Атуулдардын тынч, эркин чогулууга, митинг, пикет өткөрүүгө болгон укугу жөнүндөгү” мыйзам 2002-жылдын июнь айында кабыл алынган. Мыйзамда өлкөнүн атуулдарынын эркин чогулууга, нааразылык акцияларды өткөрүүгө болгон укуктары, ошону менен бирге мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана алардын өкүлдөрүнүн мындай иш-чараларды өткөрүүдөгү милдеттери аныкталган.

Бирок, өлкөдөгү бир катар укук коргоо уюмдары, айрым депутаттар тарабынан белгиленгендей, бул мыйзам Адам укуктары боюнча Эл аралык келишимдерге, өлкөнүн Конституциясына каршы келет. Атүгүл мыйзамдагы бир нече беренелерде бири-бирине каршы келген нормалар киргизилип калган. Мисалы, аталган мыйзамдын үчүнчү беренесинде жалпы пайдаланылуучу жерлерде жана ээси макулдугун берген имаратта алдын ала эскертүүсүз митингдерди, жыйындарды өткөрүүгө уруксат берилсе, анын 5-беренеси атуулдардын мындай мүмкүнчүлүгүнө бөгөт койот. Ал эми мыйзамдын 6-беренесинде болсо митинг, пикет өткөрүү үчүн жергиликтүү администрация жетекчилигинен 10 күн мурда уруксат алуу керектиги жөнүндө айтылган.

Мисалга алсак, өткөн жылдын 16-майында Бишкектеги укук коргоочулар Жогорку Кеңештин имаратынын тушунда эч кимге тоскоолдук кылбаган жерде пикетке чыгышканда, алар шаардын прокурорунун жолдомосу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, административдик жоопко тартылышкан. Пикеттин катышуучулары биз сөз кылып жаткан мыйзамдын 3-беренесиндеги нормаларга таянуу менен өздөрүнүн иш-аракеттерин мыйзамдуу дешсе, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери мыйзамдын 5 жана 6-беренелерине таянышып, алардын аракеттерин мыйзамсыз деп баалашкан.

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун өлкөдө атуулдардын эркин чогулуп, нааразык акцияларын өткөрүүгө болгон укуктары сакталбай келүүдө деген пикирде:

- Кыргызстанда атуулдардын пикет, митингдерди өткөрүүгө болгон укуктары тебеленип келатат. Кыргызстан адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди сактабай келүүдө. Мисалы, Аксы окуясына байланыштуу аксылыктар бир нече ирет жөө жүрүштөргө, пикет, митингдерге чыгышты. Бирок, алар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, уруп-сабалып, автобустарга күчтөп салынып, кайра үйлөрүнө да жеткирилген учурлар болду. Мунун баары адамдардын нааразылык акцияларды өткөрүүгө болгон укуктарын одоно түрдө бузуу болуп эсептелет.

“Атуулдардын тынч, эркин чогулууга, митинг, пикет өткөрүүгө болгон укугу жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын депуттары Өмүрбек Текебаев, Оксана Малеванная жана Алымбай Султанов тарабынан иштелип чыкты.

Өмүрбек Текебаев белгилегендей, соңку жылдары оппозициялык көз караштагы саясий партиялар, топтор тарабынан жыйындарды өткөрүүгө имарат ээлери тарабынан уруксат берилбеген учурлар көп болгондугунан, мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй норма да сунушталууда:

- Ушул мыйзамда так көрсөтүлбөгөн жободон пайдаланып, жалпы калкка кызмат кылган залдар, атүгүл ресторан, кафелер оппозициялык маанайдагы атуулдарга жыйындарды өткөрүүгө “биз бийликтен чочуйбуз, башка жакта өткөргүлө” деп уруксат бербеген учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан, мыйзам долбоорунда ошолорду милдеттендирген жаңы норма сунуш кылынды. Эгерде имарат жыйналыш, же башка көп эл катышкан иш-чаралар өткөргөнгө ижарага (арендага) берилип жүргөн болсо, анда мындай имараттын атуулдарга саясий жана башка көз караштарынын негизинде берилбей коюлушуна тыйуу салынат. Эгерде мындай имараттар жыйын өткөрүүгө берилбесе, анда алар административдик жана кылмыш кодексине ылайык жоопко тартылышат.

Өткөн айдан тарта АКШнын Улуттук демократиялык институтунун каржылык колдоосу менен “Кылым шамы” бейөкмөт уюму тарабынан жер-жерлерде бул мыйзам долбоорун талкуу уюштурулууда. Талкууларда мыйзам долбооруна карата ар кандай сунуштар айтылууда.

Бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова мыйзам долбооруна карата жер-жерлерде айтылып жаткан сунуштар жөнүндө мындай дейт:

- Мыйзамдын долбоорун жер-жерлерде талкуулоо учурларында негизинен эки сунуш киргизилип жатат. Биринчиси - пикет, митингдерге чыгууда жергиликтүү администрациядан, долбоордо сунушталып жаткандай, 7 күн мурда уруксат алуу боюнча норманы алып салуу. Анткени, айрым учурларда тигил же бул маселе боюнча атуулдар бүгүн өз мамилесин бийлик өкүлдөрүнө билдирип, нааразылык акцияга чыгышы керек болуп калат. Анткени, эртеси пикетке чыгуунун кажети жок болуп калат. Экинчи сунуш – нааразылык акция учурларында администрация, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү мыйзам бузгандыктары үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек деген беренеден административдик жоопкерчиликти алып салууга байланыштуу болуп жатат. Анткени, көпчүлүк учурларда пикетке чыккан атуулдардын укуктарын бузган тартип коргоо органдарынын же жергиликтүү акимияттардын өкүлдөрү административдик түрдө жоопко тартылуу менен гана чектелишүүдө.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын маалымат кызматынан “Азаттык” үналгысына билдиришкендей, “Атуулдардын тынч, эркин чогулууга, митинг, пикет өткөрүүгө болгон укугу жөнүндөгү” мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору палатанын кароосуна сунушталды жана май айында ал парламент тарабынан каралышы ыктымал.


(Сүрөттө - былтыркы 12-майдагы пикеттен бир көрүнүш).
XS
SM
MD
LG