Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

КМШнын өкмөт башчылары Чолпонатага чогулат


БИШКЕК. 16-апрелде Ысыккөл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Ага КМШнын 12 өлкөсүнүн премьер-министрлеринин катышуусу күтүлүүдө. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей жыйындын күн тартибине 30га жакын маселе коюлган. Алардын ичинде КМШнын алкагында саясий, соода-экономикалык тармактардагы кызматташтыктарды жакшыртуу, өлкөлөр арасындагы бажы, транзит тармагындагы жана башка маселелер каралат. Учурда Чолпон-Ата шаарынын мэриясы тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу даярдыктар көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG