Анда “Ал-Каида” АКШга каршы чабуулдарды даярдап жатат деген маалымат камтылган. “Бин Ладен АКШнын ичинде кол салууларды ишке ашырууга умтулуп жатат” деген жашыруун документ президентке 6-августта, мындайча айтканда, 11-сентябрга бир ай калганда жиберилген.
Буштун администрациясы 3 миңден ашуун бейкүнөө адамдын өмүрүн кыйган окуяларды иликтеген көз карандысыз комиссиянын кысымы астында ошол маалыматты ачыктоого мажбур болду.
Документте "Ал-Каида" 1997-жылдан бери эле АКШда чабуулдарды даярдап жатканы белгиленген.
“Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) абадан жана башка чабуулдарга байланыштуу шектүү иш –аракеттер жүргүзүлүп жатканын аныктаган”, - деп жазылат чалгындоо кызматынын документинде.