Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:03

Президент Буш козголоңчуларга каршы күрөш улантылат деп билдирди


Британиянын премьер-министри Тони Блэр Ирактагы азыркы кризисти “тарыхый күрөш” деп атады. “Бул урушту АКШ жана анын союздаштары жеңип чыгат”, - деп жазат жергиликтүү “Обсервер” гезитиндеги макаласында Блэр.
Келаткан аптада Британ өкмөт башчысы АКШга барып, президент Буш менен жолугушмакчы.
Буш болсо ишембиде өзүнүн жумалык радиокайрылуусунда Ирактын эгемендигин кайтаруу процесси кечиктирилбейт деп ырастады:

- Кээ бирлер акыркы чабуулдарга жооп иретинде биз Ирактын эгемендигин кайтарып берүүнү кечеңдетишибиз керек деген ойдо. Душмандарыбыз дал ушуну каалап жатышат. Алар Ирактагы окуяларды өздөрү каалаган нукка буруп, Ирак элинин мүдөөлөрүн эске алгысы жок. Алар Америка менен коалиция өз максаттарына жетпей калсын деп тилеп жатышат. Эркиндик душмандарынын мындай амбициялары ишке ашпайт. Иракта эгемендик 30-июнда орнотулат.

Президент соңку кол салуулар үчүн Саддам Хусейндин колдоочуларын жана шийи мусулмандардын диний көсөмү Моктада ас-Садрды айыптады. Адабатчыларга каршы аскерий операция улантылат деди Буш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG