Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:04

Жапон атуулдарын бошотуу аракети уланып жатат


Жапониянын ырасмий өкүлдөрү Иракта барымтага алынган жапониялык үч кишинин тагдырына байланыштуу эч кандай маалымат жок деп билдиришти.
Өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Ихиро Аисава бүгүн Амманда кабарчыларга билдиргендей, аларды куткаруу үчүн болгон аракет көрүлүп жатат:

- Бизде ар кандай булактардан, маалымдоо каражаттарынан алынган кабарлар бар, бирок биздин максатыбыз – барымтадагыларды тезирээк бошотуу. Андыктан алардын бошотулушуна залака тийгизпеш үчүн бардык эле маалыматты ачыктай албайм.

Буга чейин расмий Токио барымтадагылар тирүү жана бүгүн эртең менен бошотулат деп маалымдаган эле.
Белгисиз бир куралчан топ Иракта иштеп жүргөн жапониялык эки аскерий эмес адамды жана бир фотожурналистти барымтага алып, япон аскерлери жекшембиге дейре Ирактан чыгарылып кетпесе, аларды тирүү бойдон өрттөйбүз деген шарт койгон.
Токио өкмөтү аскерлерди эрте чыгарып кетүү мүмкүнчүлүгүн четке какты. Жапониялык 550 жоокер Иракка реконструкция жана гуманитардык иш-чараларга катышуу үчүн жиберилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG