Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

АКШ аскерлери менен Ирактын козголоңчулары ортосунда ок атышуу токтомокчу


Ирактын Фаллужа шаарында АКШ аскерлери менен козголоңчулар ортосунда ок атышпоо жөнүндөгү макулдашууга жетишилди. Кабар агенттиктери беш күндүк салгышуудан кийин шаардагы кырдаал тынч деп билдиришүүдө.
Анткен менен, бүгүн америкалык эки жоокер снайпердин огунан жарадар болду. Көчөдөгү кагылышууда ирактык бир киши окко учту.
Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөсү Махмуд Отаман Ройтерске билдиргендей, ок атышпоонун биринчи этабында 12-сааттык жарашуу каралган. Бирок макулдашуу бекем эмес, сүйлөшүүлөр уланып жатат, - деди Отаман.
Козголоңчулар АКШ аскерлери шаардан чыгарылып кетсе гана, ок атышпоону кубаттай турганын билдиришти.
АКШнын командачылыгы болсо адабатчылар куралын таштап, марттын 31инде америкалык 4 жаранды мыкаачылык менен өлтүргөн адамдарды өткөрүп берүүнү талап кылууда.
Ал аралыкта, коалициянын басма сөз өкүлү бүгүн Багдаддын батыш тарабында америкалык “Апачи” тик учагы атып түшүрүлүп, бир учкуч мерт кеткенин маалымдады. Генерал Марк Киммиттин ырастоосунда, Бакуба шаарында жума күнү болгон кармаш маалында америкалык бир жоокер жана 20 куралчан набыт болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG