Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

ИРАК: ФАЛЛУЖА АДАТТАГЫДАН ТЫНЧ


Ирактын Фаллужа шаарында салыштырмалуу тынчтык өкүм сүрүүдө. Бүгүн эртең мененден тартып бул жерде ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу сакталып жаткандай. Акыркы бир аптанын аралыгында Ирактын ар кайсы шаарларында шийит жана сунни согушкерлери менен АКШ баштаган коалициянын аскерлери ортосундагы уруштарда жүздөгөн жергиликтүү тургундар, ал эми коалициянын 50дөн ашуун жоокери мерт болду.

Фаллужа шаары акыркы күндөрү америкалык аскерлердин курчоосунда турат. Америкалык командачылык эгер ок атышууну токтотуу жөнүндөгү сүйлөшүүлөр оң натыйжа бербесе, шаардын ичин көздөй чабуул койууну улантаарын айтышкан болчу.

Фаллужадагы сунни козголоңчулары болсо америкалык аскерлер бул жерден чыгып кетишин талап кылып, антпесе учурда барымтада турган америкалык бир жаран да өлтүрүлөөрүн билдиришкен. Иракта акыркы аптанын ичинде андан башка да бир нече чет элдик барымтага алынды.

31-март күнү Фаллужада төрт америкалык жаран өлтүрүлүп, алардын денеси мазакталган эле. Америкалык аскерлер ошол кылмышкерлерди таап берүү талабы менен шаарды 5-апрелден тартып курчаган.

Ирактын АКШ дайындаган Башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрү болсо, америкалык аскерлердин Фаллужадагы операциясын сынга алып, алар ошол кылмыш үчүн бүткүл бир шаарды жазалоого аракеттенип жатканына нааразылык билдиришкен болчу.

АКШ аскерлерине каршылык көргөзүп жаткан сунни козголоңчулары менен ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуу Башкаруу кеңешинин мүчөлөрүнүн ортомчулугу астында болгон сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилди. Башкаруу кеңешинин Фаллуджада ортомчулук миссиясын аткарган мүчөсү Катан ас–Рубайинин пикиринде, ок атышуунун токтошу өз кезегинде бул шаардан америкалык аскерлердин чыгып кетиши боюнча сүйлөшүүлөргө жол ачышы мүмкүн. Бирок ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу чын эле сакталып, андан ары улантылабы? Бул азырынча арсар бойдон калууда.

Ирактын америкалык администратору Пол Бремердин жекшембиде билдиргенине караганда, мындан аркы сүйлөшүүлөр ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуунун аткарылышына жараша болот.

АКШлык айрым аскерий өкүлдөрдүн айтымында, Фаллужанын алтымыш миңдей тургуну же шаар калкынын үчтөн бир бөлүгү коопсуздук жүйөөсүнөн улам үй жайларын таштап чыгып кетишкен.

Айтор акыркы бир аптадан ашуун убакыттан бери козголоңчулар менен коалициялык аскерлердин ортосундагы кагылыштар Ирактын бир нече шаарларында, анын ичинде башкалаа Багдадда да орун алды. Соңку кандуу окуялар жергиликтүү шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садырдын жактоочуларынын козголоңунан башталды. Алар коалициянын аскерлери менен адегеде Нажаф шаарында кагылышкан. Кийинчерээк Моктада ас-Садрдын жактоочуларынын катарына сунни согушкерлери да кошулуп кетти.

Эларалык гуманитардык уюмдардын эсебинде, акыркы бир аптадагы уруштардын учурунда ушул жекшембиге карата 470тей ирактык мерт болгон, мындан сырткары 1200дөй адам жаракат алды. Ал эми АКШ баштаган коалициянын аскерлеринин жоготуусу 50дөн ашты. Алардын 42си америкалык жоокерлер.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл ал Иракта мынчалык коогалаң болот деп күтпөгөнүн моюнга алды. Ирактагы соңку окуялардан улам АКШга карата бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүүнү кечеңдетүү керек деген чакырыктар айтылган эле. Мурда пландалгандай, АКШ баштаган коалиция бийликти ирактыктардын өздөрүнө быйыл 30-июнда тапшырышы керек.

АКШнын президенти Жорж Буш ишембидеги радиокайрылуусунда Ирактагы козголоңчуларды өлкөдө демократиянын орношуна тоскоолдук кылууга аракеттенген "азчылык" деп атады. Буш ошондой эле ирактыктарга бийликти өткөрүп берүүнү кечеңдетүү жөнүндөгү чакырыктарды четке какты:

- Айрымдар биз жакындагы кол салууларга Ирактын эгемендигин кечеңдетүү аркылуу жооп бериш керек экендигибизди сунуш кылышууда. Биздин душмандардын каалаганы дал ушул нерсе. Алар Ирактагы окуялардын багытын аныктоону, ирактыктарды өз келечеги үчүн чыныгы добуштан ажыратууну көздөп жатышат. Алар АКШны жана биздин коалицияны дүйнө алдындагы милдеттемелерибизден тайдырууну каалашат. Эркиндиктин душмандарынын мындай амбициясы орундалбайт. Ирактын эгемендиги 30-июнда орнойт.

Мунун аралыгында БУУнун башкатчысынын атайын өкүлү Лахдар Брахими учурунда Ирактын бийликти өткөрүп алуучу утурумдук өкмөтүнүн структурасы боюнча жергиликтүү саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG