Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:22

СЫГАНДАР ЕВРОБИРИМДИКТЕН ҮМҮТ КЫЛЫШАТ


Сапар Орозбаков, Прага Маалыматтарга караганда, Борбордук жана Чыгыш Европада болжол менен 4 млн. сыган жашайт. Будапешттеги Европалык сыгандардын укугун коргоо борборунун билдиришинче, сыган жашаган өлкөлөрдөгү өкмөттөр алардын маселесине көп көңүл бөлүшпөйт. Сыгандар дискриминацияга туш болуп, алардын көпчүлүгү жакырчылыкта күн көрүүдө. Алар өз өлкөлөрү Европа биримдигине киргенде турмуш жакшыраар бекен деп үмүт кылышат.

Маалыматтарга караганда, Европа биримдигине жакынкы күндөрү кирет деген Борбордук Европанын 8 өлкөсүндө болжол менен 2 млн. сыган жашайт. 2007-жылы ага кире турган болуп жаткан Болгарияда жана Румынияда болсо дагы 2 млн. сыган бар. Алардын абалы бул өлкөлөрдүн Европа биримдигине кирүүсүнө байланыштуу алдын ала коюлган талаптардын аркасында бир аз жакшырды.

Бирок Будапешттеги европалык сыгандарынын укугун коргоо борборунун билдиришинче, негизинен сыгандардын абалы дагы эле оор бойдон калууда. Словакиянын сыгандары мындан бир ай мурда нааразылык акциясын уюштуруп, көчөгө чыгышты.

- Биздин эртеңкиге акчабыз жок, балам ачкадан өлгөнү калды деп отурган ачка адамдарды көрөбүз. Бул ачуу келтирбей коймок беле, –
дейт аталган борбордун жетекчиси Димиртевна Петрова.

1990-жылдардын башындагы изилдөөлөргө караганда, бир гана Венгрияда сыгандар арасында жумушсуздук 50% төмөн болгон. Бирок ал дагы өлкөнүн жалпы калкына карата эсептегенде 4 эсе жогору. Калган өлкөлөрдө болсо абал андан да жаман. Дүйнөлүк банктын изилдөөсүнө караганда, Румыниядагы жана Болгариядагы 80% сыгандардын бир күндө тапкан кирешеси 4,3 долларга жетпей, жакыр жашашат. Сыгандар өздөрүнүн турмушу бул өлкөлөр Евробиримдикке өтсө жакшырат деп ишенишет жана алардын Евробиримдикке өтүүсүн чыдамсыздык менен күтүшөт.

- Сыгандар эмне каалайт деп сурасаңыз, алар Евробиримдиктин кеңейиши кандайдыр бир жакшылык алып келет деп турушат, – дейт Дмитриевна Петрова.

Ал Евробиримдиктeги калктын жашоо шарттары, билим берүү, саламаттык сактоо боюнча стандарттар бул өлкөлөрдүкүнөн алда канча жогору экендигин айтат:

- Укук жаатында абал өзгөрдү. Евробиримдикке кирген өлкөлөрдө сыгандар башка улуттардан айырмаланбайт. Евробиримдиктин адам укуктары боюнча стандарттары эгерде алар сакталса, чыны менен эле адам укуктарынын жакшырышына алып келет. Бул эмне дегендикти билдирет? Мисалы, расистик кодулоо болсо, күнөөлүүлөр жазаланат жана жапа чеккен адамга компенсация берилет. Бир сөз менен айтканда, адилет сот болот, - дейт Дмитревна Петрова.

Бирок европалык сыгандардын укугун коргоо борборунун пикири боюнча, 2 млн. сыган жашаган Европа биримдигине эчак кирген өлкөлөрдө деле кризистик абал болбогон менен, ал жерде жашаган сыгандардын турмушу Борбордук жана Чыгыш Европадагылардан көп деле ашып кетпейт.

Сыгаандардын абалынын жакшырышы көбүнесе ар бир мамлекеттин өзүнүн каалоосуна жараша болот. Сыгандардын маселесине коомчулуктун көңүлүн буруу максатында өткөн жылы Дүйнөлүк банк Будапештте конференция өткөрүп, сыгандарды дискриминациялоодон корголо турган калктардын тизмесине киргизгенин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG