Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Нидерландиялык азамат барымтадан бошотулду


Дагестандын Чеченстанга чектеш аймагында эки жылдай мурда куралдуу адамдар уурдап кеткен нидерландиянын азаматы Эржан Иркел кечээ күнү эркиндикке чыкты жана ошол түнү эле мекенине сапар алды.
Иркел жекшемби күнү Москвада болгон пресс-конференцияда эркиндикке жеткенине өтө кубанычта экенин айтып, бирок аны кимдер уурдаганы жөнүндө ооз ачпады.
"Чегарасыз дарыгерлер" бейөкмөт уюмунун Түндүк Кавказдагы миссиясынын жетекчиси Эржан Иркел барымтадан Орусиянын федералдык коопсуздук кызматы менен Дагестан милициясы өткөргөн операциясынын натыйжасында бошотулган.

XS
SM
MD
LG