Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:22

Иракта кытайлык сегиз жаран уурдалды


Кытайдын өкмөттүк "Синхуа" жаңылыктар агенттиги Ирактын ортолук бөлүгүндө кытайлык жети азамат уурдалганын бүгүн кабарлады. Багдадда иштеген кытайлык дипломаттын сөзүнө караганда, анын мекендештерин жекшемби күнү “куралчан адамдардын тобу” уурдап кеткен.

Барымтадагы жапониялык үч жарандын тагдыры белгисиз. Ирактык согушчандар ырасмий Токио өз аскерлерин тез арада Ирактан чыгарып кетпесе,
барымтадагы жапон жарандарынын бирөөсү өлтүрүлөт деп коркутушууда.
Өзүн Мешер ал-Делейми деген арачынын Катардын “ал-Жазира” телеканалы аркылуу билдиргенине караганда, эрегишчилердин талабы 24 сааттын ичинде аткарылбаса, үч жапондун бирөө токтоосуз тындым кылынат.

Адаватчылар ошондой эле АКШлык күчтөр Фаллужа шаарынан чыгарылып кетпесе, барымтадагы америкалык жаран да өлтүрүлөт деп эскертишкен.
Барымтадагы британ жараны кечээ - жекшемби күнү “аман-эсен бошотулганын” ырасмий Лондон тастыктады.

Бетин чүмбөттөп алган адамдын “Ал-Жазира” телеканалынан билдиришинче жүк тартуучу машинелердин айдоочулары: пакистандык үч, түркиялык эки, индиялык, непалдык жана филиппиндик бирден жаран барымтадан койо берилди. Бу кабарды көз карандысыз маалымат булактары тастыктай элек.

Германиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү өткөн жумада Иорданиядан Багдадга баратып жоголуп кеткен Германиянын коопсуздук кызматынын эки кызматкери өлтүрүлгөн болушу ыктымал деген кооптонууну билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG