Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Аким Өзгөн, Стамбул шаары, Түркия Азербайжандын президенти Илхам Алиев эртең ырасмый сапар менен Түркийага келмекчи. Алиевдин президент катары Түркийага жасай турган бул алгачкы сайакаты эки тараптуу кызматташтык үчүн кандай ролду ойношу мүмкүн?

Илхам Алиевдин президент катары Түркийага жасай турган алгачкы сайакаты 3 күнгө созулат. Бул сапары маалында ал Түркийанын жетекчи чөйрөлөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзөт. Анда эки тараптуу экономикалык кызматташтыкка тийешелүү маселелер салмактуу орунду ээлөөсү күтүлгөн менен, башка бир маселе - ушул күндөрдө жандуу талкууланып жаткан Түркийанын Арменийа менен чегарасын ачуу маселеси - Алиевдин Анкарада боло турган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартибиндеги өзөккү темага айланып калышы да ыктымалдан алыс эмес.

Түркия, тышкы сайасат майданында, бир чети, Кипрди кайра бириктирүү жарайаны менен, ошол эле учурда, ЕБге мүчө болуу сүйлөшүүлөрүн баштоо маселеси менен алпурушуп келе жатат. Өлкө өкмөтү кийинки кездери Арменийага каршы 11 жылдан бери улантылып келе жаткан чек аралык камалоосун (блокадасын) алып салуу жана өзүнүн Арменийа тараптагы чегарасын ачуу маселелери боюнча АКШ жана Европанын көшөргөн кысымдарына туш келип жатат.

Жакында Түркийанын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдогандын “эгерде Түркийанын оң мүнөздүү достук демилгелери назарга алынчу болсо, анда Түркийа Арменийа менен болгон чегарасын кайра ачуу маселесин ойлоштура турганын» билдирүүсү, Азербайжанда бийлик чөйрөлөрүндө жана карапайым эл арасында тынчсызданууларды пайда кылды.

Илхам Алиев, өткөн жумада бир түрк сыналгы каналы менен өткөрүлгөн майектешүүсүндө, өткөн жылда премьер-министр катары Түркийага болгон сайакаты учурунда “Арменийа менен Азербайжандын ортосундагы жаңжал чечилмейинче, Арменийа менен болгон чегара ачылбайт” деп Түркийанын бийлик чөйрөлөрү берген убада өзү үчүн жетишээрдик кепилдик экенин айтты.

Алиев мырза андан мурда, Өзбекстан сайакатын айактап элине кайтып келген учурда жасаган байандамасында болсо, Түркийага бул жаатта оор кысымдар жасалып жаткандыгын айтып, мурда да Баку-Тбилиси-Жейхан мунай куурун болтурбастык үчүн Азербайжанга бул өңдүү кысымдар жасалгандыгын, өз өлкөсү ошо кезде кыйын кезеңдерди башынан өткөрүп жаткандыгына карабастан, кысымдарга алдырбай долбоорго кол койгондугун, чоң бир өлкө катары таанымал Түркийанын дагы өзүнө жасалган кысымдарга мойун сунбай тургандыгына ишеничин билдирген эле.

Алиевдин бул айткандарын кылдат иликтеп чыкканда, азери лидеринин Түркийанын жагдайын дагы туура түшүнгөндүгү жана бул маселеде Анкарага эч кандай бир кине койбостон, өз сын сөздөрүн Европа менен АКШнын дарегине багыттаганы байкалат.

Ошол эле учурда, Азербайжандагы айрым бейөкмөт уйумдар дагы Түркийанын Арменийа менен чегарасын ачпоосуна үндөгөн иш-чаралар уйуштуруп келе жатышат. Маселен, «Карабак Азаттык» уйумунун мүчөлөрү Түркийанын Бакудагы баш элчилигинин алдына келип, өзүлөрүнүн максаты - жүрүшкө чыгып Түркийага нааразычылык билдириш эмес, жөн эле, бул маселедеги соңку өнүгүү тууралуу маалымат алыш экендигин билдиришти.

Азербайжандагы Түрк ишкерлеринин уйуму ТУСИАБ (TUSIAB) жана башка айрым бейөкмөттүк уйумдар Арменийа менен болгон чегаранын ачылышы Азербайжан менен бир катарда Түркийанын дагы кызыкчылыктарына доо кетирээрин билдиришти. Оппозицийадагы азери партийалары болсо өлкөдөгү айрым күч борборлору учурдагы кырдаалдан пайдаланып, Азербайжан менен Түркийанын мамилелерине зыйан тийгизүүнүн амалын көксөгөнү тууралуу ойлорун бышыкташты.

Азербайжандын АНС (ANS) аталган жеке менчик сыналгы каналынын демөөрчүлүгү менен өлкөнүн башка телеканалдары жана гезиттери менен журналисттик уйумдардын өкүлдөрүнөн турган 18 кишилик бир топ “Түрк түрктү колдойт”, “Арменийа чегарасы ачылбасын”, «Түркийага карата кысымдар токтотулсун” деген ураандарды көтөрүп, өткөн жумада Бакудан жолго чыгышты жана Нахичеван аркылуу Түркийага өтүп, Игдыр жана Карс шаарларында жергиликтүү элдин да катышуусу менен митингдер уйуштурушту. Кийин алар Анкарага келип, сайасий чөйрөлөр менен да сүйлөшүштү.

Түркийанын мурдагы президенти Сулейман Демирел азери журналисттерди өз үйүндө тосуп алып, “Арменийа менен болгон чегаранын ачкычы Түркийанын колунда эмес, Бакуда” деген өзүнүн илгертеден айтып келген сөзүн кайталап, конокторунун көңүлүн жайгарды.

Эки өлкөнүн мамилелери жаатынан алып караганда, чоң мааниге ээ дагы бир маданий иш-чара өткөн жумада жүзөгө ашырылды. Бакуда курулган Ататүрк Борборунун бет ачары президент Илхам Алиев менен Түркийанын мамлекеттик министири Бешир Аталайдын катышуусунда өткөрүлдү. Анын долбоору ыраматылык президент Гейдар Алийевдин учурунда жактырылган. Бирок, каада учурунда чыгып сүйлөгөн Бешир Аталай Түркийа Тоолуу Карабак маселесинде Азербайжанды колдоосун мындан ары дагы улантаарын билдирсе да, мамлекеттик министрдин чегара маселесине тийбей өтүүсү айрым байкоочулардын түркүн түкшүмөл ой айтуусуна себеп болду.

Президент Илхам Алиев эртең мына ушундай кырдаалда Түркийага сапарын баштайт. Сайасий байкоочулар тастыктагандай, өз ара экономикалык маселелер эмес, ушул чегара маселеси Алиев үчүн орчундуу бир сыноо болуп калмакчы. Эгерде ал чегаранын ачылбай тургандыгы жөнүндө Анкарадан бекем кепилдик алууга үлгүрсө, анда бул — Алиевдин тышкы сайасаттагы чоң жеңиши катары бааланат.

Түркийадагы айрым серепчилердин оюнча, эгерде түрк-армян чегарасы ачылчу болсо, анда өлкөсүндө оппозицийанын оор кысымына дуушарланып жаткан Арменийанын президенти Роберт Кочаряндын чырагына май тамат. Бирок бул кадам Түркийа менен Азербайжандын өз ара байланыштарына олуттуу кесепетин тийгизиши ажеп эмес, дешет түркиялык адистер.
XS
SM
MD
LG