Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Өткөн жума күнү парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын үч аптага созулган 19-сессиясы ишин аяктады. Бүгүн палата төрагасы Алтай Бөрүбаев маалымат жыйынын өткөрүп, бул жолку сессия мурдагы сессияларга салыштырмалуу жемиштүү болду деген баасын айтты. Ал эми айрым депутаттар сессиянын жыйынтыгына канааттанышкан жок.

Палата төрагасы Алтай Бөрүбаевдин билдирүүсү боюнча, депутаттар сессиянын күн тартибине киргизилген 86 маселенин 78ин карап, 96 токтом кабыл алды. Алардын арасында Улуттук банктын ишмердүүлүгү, өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнө макулдук берүү, маалымат коопсуздугу жана административдик маданий ишкер борбордун курулушу жөнүндөгү олуттуу маселелер каралды.

Бул маселелер талкууланган учурда өкмөттүн иши чабал болуп жаткандыгы айкын болуп, өкмөт толугу менен кызматтан кетүү коркунучуна кептелди. Айрыкча административдик маданий борбордун курулушу жөнүндөгү маселе каралган кезде премьер-министр Николай Танаевдин өзү бир катар мыйзам бузууларга барып, курулушка 162 гектер жерди бөлүп берип койгондугу жана 102 миң долларлык үстөксүз насыя (кредит) алганы кызуу талаш жаратты.

Спикер Алтай Бөрүбаевдин айтымында, ал чатак премьер-министр үчүн гана эмес, жалпы мамлекеттик кызматкерлер үчүн чоң сабак болуп калды:

- Менин оюмча, республиканын премьер-министри Николай Танаев үчүн бул талкуу жана кабыл алынган токтом чоң сабак болду. Эми андан тийешелүү жыйынтыктар чыгарылат. Ал эми административдик-маданий ишкер борбордун курулушу токтотулду. Биз чечим кабыл алгандан кийин Бишкек мэриясы ошол жайды курууга жер берүү жөнүндөгү өзүнүн чечимин жокко чыгарды. Ал борбор эми курулбайт.

Андан тышкары палата жаштар саясаты жана маалымат коопсуздугу боюнча кабыл алган токтомдорунда өкмөттүн ишмердигин канааттандырарлык эмес деп баалады. Палата өкмөткө, Башкы прокуратура менен Коопсуздук кеңешке бир катар сунуштарды жолдоду. Ушундан улам спикер сессия жемиштүү болду деген жыйынтыкка келген.

Ал эми палатанын айрым депутаттары спикердин мындай баасына макул эмес. Алардын айтымында, палата олуттуу маселелерди комитеттерде караган учурда өтө чечкиндүү чечимдерди кабыл алуу керек дешип, токтом долбооруна абдан маанилүү сунуштарды киргизишет. Бирок, добуш бере келгенде, натыйжа таптакыр башка болуп чыга келет.

Ошондуктан өткөн сессия өз максатына жетти деп айтууга болбойт дейт депутат Жаныш Рустембеков:

- Мен сессия натыйжалуу болду дегенге кошула албайм. Биз катуу талап коюп, өкмөткө баа беришибиз керек болчу. Бири-бирине шылташып эле каралган маселелерден жыйынтык чыккан жери жок. Жыйынтыкты чыгарыш үчүн спикер же анын орун басары өкмөт менен иштеп, биз кабыл алган токтомдордун аткарылышын талап кылса болот эле да! Биз ага жетишкен жерибиз жок. Андан тышкары депутаттардын көбү талкуу учурунда «макул, макул» деп коюшат. Бирок, тиги министр же бу министрдин чакыруусу менен «чайына барып келгенден» кийин эле сүйлөгөндөрү бир башка да, добуш бергендери бир башка болуп калып жатпайбы…

Ал эми палата төрагасы Алтай Бөрүбаев депутаттардын мындай сынына макул эмес:

- Көп эле чечимдер аткарылып жатат. Кээ бирөөлөрү аткарылбай жаткандыктан, жанагыдай курч маселелер көтөрүлүүдө. Палатада каралган маселелерди иш жүзүнө ашыруунун бир гана жол бар. Ал - токтомдорду кабыл алып, тийешелүү министрликке жана өкмөткө тапшырма берүү жана берилген тапшырмалардын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу. Мындан бөлөк жол жок.

Анткен менен Эл өкүлдөр жыйынынын көп депутаттары май айында боло турган кезектеги сессияда өкмөттүн ишмердиги жөнүндөгү маселени дыкат кароого камданышууда. Айрым депутаттардын баамдоосуна караганда, анда өкмөттүн тагдыры дагы бир жолу катуу салмактанат.

Ал эми маалымат жыйынында спикер Алтай Бөрүбаев өзү келээрки парламенттик шайлоого катышаар-катышпасын азырынча чече электигин, бирок, чоң саясаттан кетпей тургандыгын ачык жарыялады:

- Бир гана нерсени алдын-ала айтсам болот. Мен чоң саясаттан кетпейм.
XS
SM
MD
LG