Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Жалалабадда табийгый кырсыктардан сактануу тууралуу элге айтылып жатат


ЖАЛАЛАБАД. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмаз Камчыбеков жана Базаркоргон, Сузак, Жалалабад шаар, райондордун башчылары бул аймактардагы табигый кырсыктар болушу ыктымал жерлердин жашоочуларына бул жерлерден көчүүнүн зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүштү. Жолугушууда жер көчкү жана суу ташкындары учурунда адам өмүрлөрү кыйылып, материалдык зор чыгым тартылган мисалдар келтирилди. Бийлик өкүлдөрү өз ыктыяры менен көчпөгөндөрдү аскерлердин күчү менен көчүрүүгө мажбур болушаарын эскертишти. Облуста кооптуу жайлардан 1029 адам көчүрүлүүгө тийиш. Алардын 700дөн ашыгы ссуда алып, 261 адамга ссуда тийе элек. Жыл башынан бери алардын 200дөй үй-бүлөсү орун которду.

XS
SM
MD
LG