Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Депутат Таластын сот, прокуратура органдарынын ишине нааразы


ТАЛАС. Талас облусунун сот, прокуратура органдары жер үлүштөрүн, короо-сарайларды бирөөлөрдүн арызынын негизинде кайра бөлүштүрүүгө адилетсиз аралашып, карапайым элдин нааразычылыгы күчөп жаткандыгын мыйзамчы депутат Орозбек Дүйшеев облсоттун төрагасы Келсинбек Саркиевге жазган катында фактылар менен келтирген. Бакайата районунун акими Каныбек Курманбековго жазган экинчи катында депутат райондук прокуратуранын калпыс тергөөсүнө жана ал боюнча райондук соттун чыгарган чечимине нааразычылык билдирген. Жер үлүштөрдү, короо-сарайларды карапайым элден акчалуу адамдарга прокуратура, сот органдарынын тартып берип коюусу облусттун бардык райондорунда орун алып, нааразы болгон эл адилеттикти жергиликтүү бийликтен эмес, республикалык органдардан көбүрөөк издей баштагандыгы айтылат депутаттын каттарында.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG