Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

Ооган согушунун ардагерлер союзу марафон өткөрдү


ОШ. Ооган согушунун Ош облусундагы ардагерлер союзу бүгүн «Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» аттуу марафон өткөрдү. Шаардын Рыспай Абдыкадыров атындагы облусттук филармониясында өткөн бул марафон Ооган согушу менен Баткен окуясында курман болушкан жоокерлерге эстелик куруу максатында уюштурулду. Эстелик Ооган согушунда курман болгон түштүк облустарындагы 107 жоокерге, Баткен окуясында курман болгон 27 жоокерге арналып, Ош шаарынын Токтогул паркында тургузулмакчы. Марафонго Ош, Жалалабад, Баткен облустарынан бир катар өкүлдөр келишип, мекен коргоо паркынын улуулугун даңазалап сүйлөө менен жалпысы 60 миңден ашык каражат топтошту. Бул марафон мындан ары да түштүктүн урунттуу шаарларында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG