Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:10

Баткендин жетекчилиги Согду облусунун бийлигине кат жолдоду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтен 12-апрелде алынган маалыматка караганда бул катта облус бийлиги Согду облустун жетекчилигинен Ош, Баткен, Исфана жолунун Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү Баткен, Бүргөндү, Пүлгөн бөлүгүн куруучу үчүн жол курулушуна керектүү автоунаа техникаларынан көмөк көрсөтүүнү өтүнгөн. Ошондой эле катта аталган жолдун курулушу аяктаса, Бишкек шаарына, Казакстан, Орусия сыяктуу өлкөлөргө чыгууда Согду облусунун эли да кыргызстандыктар менен бирдей эле бу жолдон пайдалана алаары эскертилген. Ушул жылдын март айында болгон коңшулаш эки облустун жетекчилеринин жолугушуусунда тажик тарап бул жолдун курулушуна кыхзыкдар экенин, эгер зарыл болсо жол куруу техникаларынан жардам берүү нийетин билдиришкен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG